Бирок бир катар эксперттер Конституциянын жаңы редакциясында карама каршылыктар бар экенин, түшүнүксүз болуп жатканын айтышууда.

Эксперттердин айтымдарында, негизги мыйзамдын жаңы долбоорунда саясий партиялар, кесиптик кошундар ж.б. коомдук бирикмелер каржылык жана чарбалык иштерин ачык жүргүзүшү зарылдыгы белгиленген, бул түздөн түз дискриминация болуп эсептелет. Ошону менен бирге Жогорку Сот менен Башкы прокуратурага мыйзам долбоорлорун демилгелөөгө укуктарын  берген нормалар алынып салынышы  керек дешет эксперттер.

Мындан сырткары, президентке чексиз ыйгарым укуктар берилип, бирок жоопкерчилиги белгилгенген эмес. Ал эми президентке импичмент жарыялоону ишке ашыруу дээрлик мүмкүн болбойт, анткени, өтө татаал. Андыктан президентти кызматтан кетирүүнүн тартиби так  жазылышы зарыл.

Эксперт Нурдин Дүйшөнбековдун белгилөөсүндө, Башмыйзамдын жаңы долбоорун кимдер, кантип жазгандыгы түшүнүксүз. Ар кайсы мыйзамдардан алып эле аларды топтоштуруп койгондой таасир калтырат.

Булак: «Майдан. kg» гезити