Ал кечээги эле тарых.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда деле ошондой болду. Жакындары, ишенимдүү адамдары  мыйзамсыз иштерди жасашты, коррупцияга малынышты. Бирок таянганы эң жогорку бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колуна мыкчып турганда, аларга ким даап, бир нерсе дей алмак. Экс-президенттин кан кудасы, ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин «мышыгын» да эч ким пыш дей албай, жакшы эле «кутурду». Анын мыйзамсыз, коррупциялык кылмыштуу, өзүм билемдик иштери бүгүн ачыкка чыгып, анын канчалык чалчактаганын эми  билип отурабыз.

УКМК Алиярбек Абжалиевдин бир катар кылмыштуу иштерин аныктап, ага мыйзамсыз баюу боюнча айып тагуу алдында турат. УКМКдан билдиргендей, экс-ажонун кудасы президент кудасына таянып мамлекеттик оргундардын иштерине кийлигишип, мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян келтирүү менен жеке структураларды «лоббировать» этиптир. Мамлекеттик кызматта иштеп атып  киреше декларациясында көрсөткөн расмий байлыгынан кыйла көптүк кылган мүлктөрдү сатып алууга жетишкен. Атап айтканда, 20дан ашык элиттик батирлер, Бишкектин VIP-шаарчасындагы хансарайлар, Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионат, Ысык-Көл жана Чүй облусунун аймактарындагы бир катар жер тилкелери, Түркия менен БАЭдеги кыймылсыз мүлктөр ж.б.

Ошону менен бирге Алиярбек Абжалиев бир курулуш компаниясынын  Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдү куруусун каржылаган. Мындан сырткары, Кайыңды кабель заводуна, көмүр жана алтын кендерине инвестиция салууга жетишкен.

Учурда УКМК тарабынан Абжалиевдин бардык мыйзамсыз, коррупциялык жол менен табылган мүлктөрүн аныктоо иштери жүрүүдө. Эгерде күнөөсү далилденсе, мыйзам чегинде кылмыш иши козголуп, жоопкерчилигин алууга тийиш.

Булак: «Майдан. kg» гезити