Парламенттик шайлоону ойлогондо шайлары ооп, депутаттык мандат түшүнө кирип, ошондон улам ар кайсы партиялардын эшиктерин каккылап, парттизмеден орун алуунун камын урушуп, буту буттарына тийбей жүрүшкөн бир топтордун демдери басыла түштү. Дегенибиз, парламенттик шайлоо ушул жылдын күзүндө өтөрүн президент Садыр Жапаров Казакстандын «Казинформ» маалымат булагына берген маегинде билдирди.
«Жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өтөт. Референдум дагы өтөт, шайлоолор ачык-айкын жана таза өткөрүлөт. Бул процесстерде мыйзамдар баарына бирдей болушу керек, президенттен тартып колуна кетмен кармаган дыйканга чейин. Биз азыр мыйзамдуулукту жана акыйкаттыкты орнотуп атабыз. Албетте, ага бир жылда жетишүүгө мүмкүн эмес. Кырдаалды оңдоо үчүн 2-3 жыл керек», - деди Садыр Жапаров.
Ошентип, 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш конституциялык мөөнөтүнөн ашыкча бир жыл иштеген парламент катары өлкөбүздүн тарыхында калат окшоп калды. Учурдагы Жогорку Кеңештин легитимдүүлүгүнө бүгүнкү саясий-экономикалык кырдаалдан улам калыс баа берилбесе да, тарых өз баасын берери талашсыз.
Булак: «Майдан. kg» гезити