Ага ылайык, биринчи кезекте социалдык стабилдүүлүктү  жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылууга басым жасалат. Документ 2021-жылдын 1-июнуна чейин аткарылчу 50 иш-чараларды өзүнө камтыйт. Коюлган пландын ишке ашырылуусунун натыйжсында элге жагымдуу шарттар түзүлүшү керек. Негизги көңүл  калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана сервисти электрондук форматка өткөрүүнүн сапатына  бурулат.

Мындан сырткары, 2020-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорттордун, айдоочулук күбөлүктүн, авто унаа каражатын каттоого алуунун электрондук түрүн киргизүү пландалган. Ал эми 2021-жылдын 1-майынан 31-августуна чейин өлкөнүн жарандарынын айрым категорияларына ID-карттарды акысыз берүү кампаниясы ишке ашырылмакчы.

Булак: «Майдан. kg» гезити