Президент Садыр Жапаров учурда Казакстанда расмий иш сапары менен жүрөт. Казакстандын башчысы менен жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык, маданий ж.б. багыттагы алакаларды бекемдөө, кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүү  алкагында сүйлөшүүлөр болору күтүлүүдө.

Өлкө башчынын иш сапары муну менен чектелбейт. Март айында өзбек лидери Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Ташкентке барат. Анда «Борбордук Азия жана Түштүк Азия: аймактык карым-катыш. Чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» деген  аталыштагы конференцияга катышат. Конференциянын алкагында Өзбекстандын президенти менен жолугушары маалым болду.

Ошону менен бирге С. Жапаров Түркия өлкөсүнө иш сапары менен барары да белгилүү. Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган кыргыз өлкө башчысы менен телефон аркылуу сүйлүшкөндө иш сапар менен келип кетүүгө  чакырып, С. Жапаров аны кабыл алган.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити