"Конституцияга эмне кабатыр болуп атасың... Ал формальный эле кагаз да...эмне деп жазылганынын мааниси деле жок... ушуга чейин Конституция менен жашабаган эми жашап кетмек белек... Каалагандай жаза беришсин... утурумдук нерсе...бүгүн болбосо эртең, эртең болбосо бүрсүгүнү көчөгө топурап чыгып аңтарып түшөт, бул турулуу иш... Конституцияң дагы, башкасы дагы жаңы болуп... кайра башынан түшмөй..."- дейт бир досум... Кыязы депутаттар деле, коомчулук деле ушул ойдо го... кайдыгер, кошкөңүл болуп аткандарына караганда... Бирок бир төңкөрүштөн экинчи төңкөрүшкө чейин күн санап отуруу жашоо деле эмес го дейм...", - деп жазды коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев соцтармактагы баракчасына.
- Категория: Саясат
- Просмотров: 165