Бирок ачуу болсо да чындык болгондуктан ал жашай берет. Бүгүн соцсеттерде М.Горбачев 90 жашка чыкканы жөнүндө маалыматтар жүрөт. Ошондон улам ал баштаган "Кайра куруу" эске түштү. "Кайра курбай" эле дүйнөнү титиретип турган СССР деген империяны талкалап жок кылды. "Демократия"-деген сөздү кийире коем деп өзү да алапайын таппай, ал түгүл СССР деген империя кантип тал-талдап бөлүнүп кеткенин билбей калды. Анткени, суусу толуп турган тосмону ченеми менен кое бербей жырып жиберди. Жырылган суунун күчүн эч ким токтото алмак эмес.

Айтайын деген сөздүн түбү Горбачевдун кайра куруусунда эмес. Бүгүнкү Кыргызстандагы С.Жапаров курам деген "кайра курууда" болгону турат. СССРдин эли диктатуранын кысымына араң чыдап жарылчудай болуп турганда Горбачев "Демократияны кийирем"- деп аны жарып жиберип өзү баштаган ишке алы жетпей калган сыяктуу эле бүгүн Кыргызстан коррупцияга төбөсүнө чейин батып, эл уурулардан тажап ал жарылуучу жарага айланып турганда С.Жапаров менен К.Ташиев ошол шишикти жарып жиберишти. Так мисал келтирсек, Раим миллион аталган азамат Кыргызстанда коррупциянын символу катары айтылып келсе бүгүн 60 миллиард сомду 8 айда эле Кыргызстандан чыгарып кетишкен аттары аталбаган азаматтар Раимди коррупционерлердин арасында тезек терип жүргөн эле балага айландырып койду. Эртең мындан да укмуш жоруктар чыкса эл таң деле калбайт. Анткени. Кыргызстандагы уурулук, коррупция ушунчалык кеңири тарагандыктан эчак эле ыйман, чындык, тазалык деген түшүнүктөрдү тебелеп үстүнө отуруп алган. Бүгүн С.Жапаров менен К.Ташиев корупция менен күрөшүн токтотуп артка кайтышса анда ошол эле жүздөрү ачылган коррупционерлердин шыкагы аркылуу (бизди ууру атадыңарбы эми баарын атагыла дешет) элдин тепсендисинде калышат. Эгер улантса анда да оор жол күтүп турат. Саакашвили канча мыкты иштеп, Грузияны коррупционерлерден тазалап, укмуш курулуштарды куруп, мамлекетти прогрессивдүү жолго салганына карабай Грузиядан кууп чыкканын билебиз. Жомоктогу кумурада тынч жаткан жинди чыгаргандай эле кеп болду. Ошол кумаранын оозун Раим эмес бүгүнкү 60 миллиард ачты. 60 миллиардка кимдер аралашканы бүт ачыкталмайын эл тынчыбайт. Жашырылса андан да жаман. Коррупция менен күрөштү баштаардан мурда аз убакыт болсо да элди мыйзамды сыйлоого үйрөтүп алсак болмок. Анткени, элибиз мыйзамга жанан анын иштешине ишенбейт. Сотторго эч ким ишенбейт. 30 жыл бою бийлик элди ушуга үйрөтүп койгон. Шашмалык кылышты. Эми эмне кылуу керек? Кайра эле элге таянуу керек. Мындан башка жол жок. Коррупция менен күрөшүүнүн күн сайын эмес минута сайын токтобой иштеп тура турган идеологиясын жаратуу керек. Ошондо элди уурулар, коррупционерлер башкарып албай аларга каршы күрөшүүчүлөр башкарат. Бирок бул ар кимдин эле колунан келе бербей турган татаал процесс.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу