Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Конституциянын жаңы долбоору ачык талкууга алынышын талап кылышты. Эске салсак, бүгүн парламентте "Кыргыз Республикасынын Конституциясы тууралуу" мыйзам долбоору боюнча референдумду белгилүү боюнча" мыйзам долбоору каралып жатат. 

Спикер Талант Мамытов күн тартибинде референдумду белгилөө маселеси коюлганын эске салып, депутаттарды Баш мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча суроо берүүдөн алыс болууга чакырды. Бул эл өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жаратты. 

Депутат Карамат Бабашева эч кандай талкуу болбогонун белгиледи. "Менден эл  кайсы жерден долбоорду окуп, сунуштарды киргизүү керектигин сурап жатат. Конституциянын долбоору эч кандай талкууга алынган жок", - деди. 

Депутат Жанар Акаев суроо берүүгө болбосо Конституциянын жаңы долбоорун эмнеге эл өкүлдөрүнө таратышканына таң калды. "Конституциянын долбоорунан башка дагы эмнени талкуулашыбыз керек? Күйүүчү майдын баасын же жарандык коомчулукка жасалып жаткан басымдыбы? Биз ансыз деле сунуш бере албайт экенбиз. Каршы болуп он чакты депутат эле добуш бербесе, калганы колдойт. Акаев, Бакиев заманында "конституциялык реформа" кантип өткөн болсо, бул сапар да ошондой өтөт", - деди.