"Басканыңыз, турушуңуз, отурганыңыз жакшы, бирок айылчылап барганыңызга жараша чек араны ачтыра келсеңиз жакшы болмок... Улуу сөздө уят жок дейт, тээ Курманбек Бакиев агабыз Президент болуп турган заманда казак бауырларымыз Кордай менен Чалдовардан шагырап өтүп Кыргызстандан кийим-кечек, азык-түлүк алып кетишчү эле. Кудалык кийит алабыз деп тээ Павлодар, Семейден бери келишет эле. Өзгөчө ишемби жана жекшемби күндөрү чек ара ажиотаж болчу... Көрсө ошол жылдары кой үстүнө торгой уялаган мезгил экен да? Ырысыбызды тээп жатып кыргызды карызга батырган Президенттерге туш болдук. Ал заман жок... Эми чек аралар ачылса кыргыздар Кордайга же Таразга барып арзаныраак азык-түлүк жана кийим-кечек ала турган кез келгендей... Казахстанга ПЦР тест менен эле эч кандай шарты жок эркин кирип чыкканга шарт түзө келсеңиз аябай жакшы болот эле Президент мырза?" - деп жазды журналист Асейин Саралаев соцтармактагы баракчасына.