Бийликтен маалыматтуулукту талап кылалы.

Жок дегенде Сооронбай Жээнбековдан баштайлы.Канчалаган коррупционерлерди камаганда элдин үрөйүн учуруп, оозду ачырган байлыктын, кыймылсыз мүлктүн тизмеси жарыяланат. Жарыяланганы жакшы бирок ошол бойдон ал байлыктын мүлктөрдүн  эмне болгону айтылбай дайынсыз болот. Мисалга Шадиев, Сатыбалдиев, Зилалиев сыяктуу миллиондорду чапчыгандардан камакка алынган  байлыктар, кыймылсыз мүлктөр эмне болду? Каякка кетти? Канчалаган үйөлөр, квартиралар айтылды эле го. Тергөчүлөр менен соттор бөлүшүп жеп коюштубу? Эгер мамлекетке алынса кандай жолдор менен алынып,казынага канча каражат түштү? Ким маалымат берет? Деги эле күч органдары ууру коррупционерлерден алган мүлктөр байлыктар алардын сакталышы тууралуу коомчулукка керек болсо ай сайын маалымат берип туруулары керек.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу