Акыркы беш айдан бери коомчулук талкуусуз калган дээрлик бир да күн болгон жок. Кызмат ордулары шахмат жүрүшүнөн тез алмашып, айрымдарынын келгенинен кеткен бат болду. Шашылыш дайындоолор коомчулуктун же ошол мекеменин эмгек жамаатынын көңүлүнө төп келбегендиктен нааразычылыктар папкесин көтөрүп кирип келгендердин көбүн бир нече күндүк аткаминерге айлантты.

Элнура Мамбетжунусова

Мамбетжунушева Эльнура Рыскельдиевна

Бажы кызматынын башчылыгына Элнура Мамбетжунусова октябрь айында дайындалган. Бирок бул айымдын өлкөнүн майлуу-сүттүү тармагын жетектешине каршы чыккандар көп болду. Өткөнүн казып, кылмыш ишинин фигуранты болгонун таап чыгышып, айтор 5 күндөн кийин отурган креслосун бошотуп берүүгө аргасыз кылышты. Ошол кездеги өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу коомчулуктун каршылыгынан улам Мамбетжунусованы кайрадан мурдагы кызмат ордуна – Бажы кызматынын башчысынын орун басарлыгына кайтарды. Ал эми башчылык Кадыржан Семетеевге тийди.

Алмамбет Шыкмаматов

Шыкмаматов Алмамбет Насырканович | Жогорку Кенеш Кыргызской Республики

Алмамбет Шыкмаматов октябрь окуяларынан кийин жогору жактын буйругун күтүп отурбай эле, өз киндигин өзү кескен. Ал башпрокурордун милдетин аткаруучу катары ишин баштаган. Бирок арадан он алты күн өткөндөн соң өкмөт башчынын жана президенттин милдетин убактылуу аткаруучу тарабынан жаңы баш прокурорлукка Курманкул Зулушев дайындалды. А Шыкмаматов четке чыкты.

Досалы Эсеналиев

Эсеналиев Досалы Акпаралиевич

Досалы Эсеналиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Мамлекеттик кадр кызматынын башчылыгына дайындалган. Бирок бактысына октябрь окуялары орун алып, президенттин жана өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун буйругу менен кызматтан алынды. Ошондо, болгону беш күн жетекчи болуу насип этти.

Сагынбек Абдылдаев

Сагынбек Абдылдаев стал замглавы ГСБЭП

Сагынбек Абдылдаев да ушул сыяктуу абалга кабылды, Финансы полициясына жетекчи болгонуна эки күн болбой жатып, бийлик алмашты. Анын шарапаты менен Сыймык Жапыкеев аталган кызматка өзүн өзү көрсөтүп келип алды эле, Абдылдаевде ордун бошотуп берүүдөн башка арга калбады. Үч күндүк карьера ошентип жыйынтыкталды.

Шаиста Шатманова

Шаиста Шатманова назначена гендиректором "ЭлТР"

Шаиста Шатманова ЭлТР телеканалына 11 күн жетекчи болду. Эмгек жамаатынын кабыл албаганынан улам, 30-октябрда кайра эле Садыр Жапаровдун буйругу менен кызматтан алынды.

Арипжан Токуров

Арипжан Токуров назначен директором Ошского филиала «Международного  аэропорта «Манас» — Tazabek

“Манас” Эл аралык аэропортуна Арипжан Токуров бир күн жетекчи болду. Бир күн иштебей жатып, эмне болгонун ким билсин, өз каалоосу менен кызматтан кетип, андан эки күн өтпөй “Ош” абамайданынын башына барып отуруп калды. Бир күн салмактап көрүп “Манаска” караганда “Оштун” түйшүгү аздыгына көзү жеттиби...

Мэриядагы баш айлантма

Пришел, ушел. В прикамской полиции началась кадровая чехарда. Или плановая  ротация?

Бишкек мэриясы талаштын очогуна айланды. Баары Азиз Суракматовдун 6-октябрда кызматтан кетүү боюнча жазган арызынан башталды. Ал кетери менен Жоошбек Коеналиев “элдик мэр” болду. Бирок бир күндөн кийин элдик мэр ээрден жылмышып, Алмаз Бакетаев мэрдин милдетин аткаруучу болду. 8-октябрда Суракматов кайра келди, 20-октябрда кайра кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Аны менен катар мэрликти Нариман Түлеевге тапшырды. Түлеев эки күндөн кийин мэрликтен кетти, кийинки күнү кайра келди. Айтор, мэрия аз жерден өз күчүн сынап көргүсү келгендердин машыгуучу жайына айланып кете жаздады. Акырында Балбак Түлөбаев келип, баш айлаткан келип-кетүүлөргө чекит койгондой болду эле...

Самара Каримова

Самара Каримова: биография, личная жизнь, муж, дети, песни |

Андан кийинки кезек шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрүнө келди. Буга чейин да Оштогу музейдин жетекчиси болууга бир аракеттенип, бирок анысы иш жүзүнө ашпай калган ырчы Самара Каримова музыкалык окуу жайдын директорлугуна бекиди. Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын эмгек жамааты мындай дайындоого катуу каршы турушту. Алар окуу жайга музыкалык билими бар, классиканы терең түшүнгөндөр жетекчилик кылуусу керектигин айтышты. Көпкө созулган кармашуулардан кийин ырчы жеңилди. Бирок музейге караганда бул сапар жетекчилик карьерасы узагыраакка созулду. Дээрлик бир жумага...

Эрмек Нургазиев

Эрмек Нургазиев: Будем развивать туризм с партией «Кыргызстан» » Власть »  www.24.kg - КЫРГЫЗСТАН

Кайра эле Бишкек мэри. Балбак Түлөбаев кеткенден кийин Эрмек Нургазиевдин келгени коомчулукта чоң талкуу жаратты. Мэр болом деп атып Нургазиев бир топ сырын коомчулукка ачып алды. Анын адвокат айымды сабаганы, курулуш жаатындагы мыйзам бузууларга катыштыгы биринин артынан экинчиси калкып чыкты. Чоң муштум жана мыйзамды сыйлабаган адамдын мэр болууга акысы жок деген чакырыктардан башы айланып, кантип кыска убакыттын  ичинде кызматтан кетип калганын өзү да байкабай калды. Ал турмак мэр болгонун деле байкабай калса керек. Мэриядагы бир күн түш сыяктуу эле элес-булас эсинде калды да...

Мадина Найзабекова

Булак: “Майдан. kg” гезити