Жакында “Майдан.kg” газетасы өлкөдө болуп жаткан кадр тандоо маселесиндеги баш аламандыктарга байланыштуу жакшы маселени көтөрүп чыгып, коомчулуктун талкуусуна койду. “Президенттин кадр маселесинде коомчулуктун сын-пикирин, соц тармактагы талкууларды эске алып, эсептешип иш кылганы туурабы?”- деген мааниде. Маселе абдан орчундуу жана өтө кылдат талдоолорду талап кылат. Акыркы 30 жыл аралыгындагы башаламандык, бийликтин алсыздыгы, өлкөдөгү туруксуздук, экономиканын өспөй жаткандыгы, ага байланыштуу элдин турмушунун жакырдыгы ж.б. баары барып эле кадр маселесине такалат.
Сталиндин: “кадрлар баарын чечет”- деген учкул сөзү, И.Раззаковдун “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” деген чакырыгы эске алынбай, унутулуп, өткөн заман менен кошо көмүлүп калды. Алардын ордуна: “Таанышың болсо танкасың”, “Колунда токочу бар бала сүйгүнчүктүү”, “Элге, мамлекетке эмес, бийликке кызмат кылганды үйрөн” деген ураандар чыгып, акыл-көрөңгөсү бай эмес, акчасы бай адамдар жана алардын уул-кыздары мамлекеттик кызматта отурушту. Көргөн күнүбүз бүгүнкү.
Ошентип, “Орун тийип калса төрдөн нааданга, улагада калганыңа арданба,”- дегендей, акылы тунук, тажырыйбасы бар, элине кызмат кыла турган уул-кыздар улагада калып, же чет өлкөлөргө чыгып кетишти. Бул улут үчүн орду толгус трагедия болоорун бийлик башында турган, мурдунун учунан алысты көрө албаган, коомдун өнүгүүсүнө терең талдоо жасай албаган төбөлдөрдү ойлонтуп да койгон жок. Аларда бир эле түшүнүк болгон, “бийликтин күчүнө салып эле башкарып алам”- деген.
Дегеле, коомдук пикир дегенди кандай түшүнөбүз? Он адамдын он башка, жүз адамдын жүз башка түшүнүгү бир эле маселе боюнча, көз карашы ар башка болот. Бул мыйзам ченемдүү. Мисалы, Исхак Раззаковду өтө таза, эмгекчил, мекенчил болгондугу үчүн коомдун күзгүсү, идеал адам катары эсептеп, урматтап келсек, ошондой эле кыргыз элине ак эмгек өтөгөн, таза, эл үчүн, мамлекет үчүн бүт өмүрүн арнаган Турдакун Усубалиевич тууралуу ар кандай пикирлер айтылып келет. Мисалы: “Москванын оозун караган, кадр тандоодо жердешчиликке басым жасаган”- деген сыяктуу жөө жомоктор. Ошого жараша коомдук пикир да ар башка. Ал кезде Москванын оозун Турдакун Усабалиевич эле эмес, дүйнөнүн менменсинген мамлекет башчылары карап турган.
Кадр маселесинде, мен билгенден 42 жыл партиялык, советтик кызматтарда жетекчи болуп иштеген адам катары айтсам, Кочкор районунан К.Молдобаев менен Т.Айтбаевден башка бир дагы адам жетекчи кызматта иштеген жок. Ошол эле мезгилде, бир учурда Нарын обкомунун биринчи катчысы Матен Сыдыков, Нарын шаарынын, Тянь-Шань районунун биринчи секретарлары Зыпаш Бектемиров, Арзымбек Өсөровдор түштүктөн ротация болуп келип иштеп турушту. Теңир-Тоолуктардан бир дагы адам буга маани берген жок.
Т.Усубалиевдин өзү таза болгондон кийин аны менен бирге иштешкен, республиканын жүгүн тең көтөрүшкөн Т.Кулатов, С.Ибраимов, А.Суюмбаев, Т.Кошоев, А.Дүйшеев, С.Бегалиев, А.Токтоналиев, Н.Исанов сыяктуу ж.б. жетекчи кадрлар таза жана ак ниет кызмат өтөштү. Элдин кадырлоосуна татыктуу болушту.
Т.Усубалиевдин артыкчылыгы - кадрларды туура тандап, тарбиялап, аларды өстүрүп, өзүнө туруктуу команда түзө билгендигинде. Республикадагы ийгиликтин сырынын бири мына ушунда.
Акыркы 30 жылда элдин купулуна толуп, жакшы сапаттары менен коомчулукка таанылган бир да жетекчини уга элекмин. Ошол эле учурда билимдүү, жетекчи кызматтарда иштеп, тажырыйба топтогон таза, бийликке, байлыкка жулунбаган М.Шеримкулов, А.Эркебаев, М.Абдылдаев, Б.Асанов, А.Карашев, У.Кочкоров, А.Салымбеков сыяктуу кадрларды коомдук талкууга койсок, буларга да бирдемени илештире коё турган “оппоненттер” четтен чыгат. Кыкеңдин ичи тардыгы, көрө албастыгы мына ушунда.
Союздун убагында, К.Кулматов, С.Табышалиев, Нурбеков сыяктуу кыргыздын чыгаан уулдары да ичи тардыктын, көрө албастыктын, ушакчылардын курмандыгы болушкан.
Коомдук пикир качан салмактуу болот? Качан коомубузда интеллигенттердин армиясы түзүлүп, коомдун күзгүсү болуп озуйпасын аткара баштаганда. Азыр М.Мамытов, А.Жайлообаев, С.Кайыпов, С.Байгазиев ж.б. саналуу эле адамдарды атай алабыз. Образдуу айтканда бир учурда айтылган, республикада оппозициядагыларды чогултуп келсе, бир автобуска толбойт дегендей, азыркы биздин интеллигенциянын абалы деле ошондой.
Эмне үчүн ушундай абалга келдик? Анткени бийлик башына таптакыр татыксыз, жетекчи кадрларды тарбиялоону кой, өзүнүн үй-бүлөсүн тарбиялай албаган, жетеленме, ач көз, дүйүнөкөр, мансапкор, өзүндө интеллигенттик сапаттары калыптанбаган адамдар келип, кадр саясатын талкалашты. Кадр саясаты деген түшүнүктүн ролун төмөндөтүп, кадр маселеси деп жөнөкөйлөтүп коюшту. Кадр даярдоо - бул саясат. Ал эми саясатта кош стандарттуулук болбошу керек. Кадр саясатында соцтармактагы пикирлер чечүүчү фактор боло албайт. Кадрларды тандап, резервин түзүп, тарбиялап, окутуп, билимин көтөрүп, иш тажрыйбасына, жөндөмүнө, кесипкөйлүгүнө жараша тепкичтен тепкичке (ылдыйдан жогору карай) жайгаштырууну системага салуу керек.
Бир күн мамлекеттик кызматта иштебеген, иш кагазына визаны кайсы жерине кантип коюну билбеген адамдарды мамкызматка алууну токтотуу керек.
Кадр саясатын системага салуу - бул туура тандоо, тарбиялоо, жайгаштыруу. Азыркыдай ар бир көчөгө, айылга, кадрлар боюнча штаттан сырткары бөлүмдөрдү түзүп алсак, анда көрөр күнүбүз баягыдай эле болот. Мисалы, акыркы эле дайындалган Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Кудайбергенов жана анын орун басарлары тууралуу деле коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып жатпайбы. Бул жерде жогоруда айтылгандай кош стандарт эмеспи?
А.Молдалиев,
Бишкек шаарынын тургуну, ардактуу пенсионер
Булак: “Майдан. kg” гезити