АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу  өлкөбүздөгү коррупция жана кылмыштуу топ менен күрөшүүгө абдан активдүү "жардам" берип жатат: кимди кармоо керектигин айтып  жана биздин басма сөз кызматтарынын ар бир кадамына түздөн түз пикирин билдирүүдө. Анысы менен америкалык дипломат өзүн кудум эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин орун басарындай көрсөтүүдө. 

Өткөн жылдын декабрь айында Райымбек Матраимовду сот үй камагына чыгарып,  Дональд Луну  бир аз капа кылып койгонун моюнга алыш керек. Бирок азыр ал кыязы, толук канааттангандай. Мындай жыйынтыкты Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары УКМК тарабынан 18-февралда кайрадан камакка алынганына АКШ элчилигинин реакциясына карап чыгарууга болот. 

Дипломатиялык мекеме твиттерге Кошмо Штат Матраимовго карата иликтөөлөрдү жана анын коррупцияга, кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштырууга айыпталып кармалганын кош колдоп колдой турганын жазды. 

"Биз Кыргызстандын укук коргоо кызматтары менен уурдалган активдерди табуу жана аныкталгандарын кыргыз элине кайтаруу жаатында  кызматташууга даярбыз", - деп билдиришти. 

Кийинчерээк, америкалык элчилик "криминалдык авторитет Камчыбек Көлбаевдин кылмыштуу тобунун бетин ачуу боюнча маалымат бергендерге"  1 миллион доллар сыйлык  жарыялады. Көлбаев  АКШ бийлигинин "кара тизмесине" кирген экинчи кыргызстандык. 

Америкалыктардын Кыргызстандагы коррупцияны жоюу аракетин биздикилер түшүнүп, колдошууда. Ырас, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин реакциясына таянсак, кыргыз аткаминерлери бул маселеде болуп жаткан окуяларга комментарий берүү жана америкалык батышчылардын стилиндеги таң калыштуу сынактарды жарыялоого эмес, конкреттүү нерселерге басым жасоону каалашат.

Атамекендик ММКлар бир нече күн мурда Ташиевдин телеканалдардын бирине берген маегин жарыялашты, анда ал "эгер АКШ кылмыштуулук менен күрөшүүгө чын дилинен ниеттенсе, экс-депутат Аскарбек Шадиевди кармап, бизге өткөрүп берсин", - деген. 

Андан соң, бир-эки күн мурда УКМКнын басма сөз кызматы АКШнын аймагына кире качкан экс-вице-премьер-министрди издөө улантылып жатканы жана атайын кызмат Кошмо Штаттын элчилигине бул маселеде  жардамдашуусун суранып кайрылганы тууралуу расмий билдирүү таратты. 

"Шадиевге карата КР Кылмыш жаза кодексинин 215-беренесинин -"Ири өлчөмдөгү кылмыштуу кирешелерди  легалдаштыруу (адалдаштыруу)" негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иши жүрүп жатат. Анын баш коргоо чарасы сыртынан каралып, камакка алуу чечими чыккан, ошондуктан Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөө жарыяланган", - деп айтылат билдирүүдө. 

Белгилей кетсек, Шадиев Кыргызстан АКШдан экстрадациялануусун суранып жаткан, сыртынан соттолгон биринчи  кыргызстандык эмес. Анын үстүнө, мурдагы депутат ушунчалык чоң  балыкка деле  кирбейт. Качандыр бир биздин өлкө АКШга Улуу Британиядан Максим Бакиевди кайтарып берүү суранычы менен кайрылган. 

Ага жооп иретинде АКШнын юстиция органдары Максим Бакиевге карата ачылган кылмыш ишин жабууну жана Бишкектин расмий суранычын кулак сыртынан кетирүүнү чечишкен. А болбосо, Кыргызстанда сот экс-президенттин уулун сыртынан коррупция жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча айыптуу деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. 

"vb.kg" сайтынан алынып, кыргызчаланды