- Садыр Жапаров Россияга жумушчу иш сапары менен барып келди. Бул сапардан эмнени күтсөк болот? 

-Россия бизге кучагын ачып тосуп алаарына, мындан ары мүмкүнчүлүгүнө ылайык жардам колун сунаарына күмөн санап жатам. Эмне үчүн? Бул Садыр Жапаровго же анын жеке саясий деңгээлине, абройуна байланыштуу эмес. Анын бийликке кандай жол менен келгени Россия үчүн маселе жаратууда. Бир гана Россия эмес, башка коңшу өлкөлөргө да бул көйгөй болуп калды. Анткени, бизге ушул учурда алар жардам берсе, анан биз өнүгүү жолуна түшүп алсак, ал өлкөлөрдө да оппозиция бар да, “Мына, революция менен келген кыргыздар жакшы жашап кетти”, - дешет. Биздин кылганыбызды кайталоого түрткү болот. Ошондуктан, биз кандай аракет кылбайлы, Россия жана коңшу өлкөлөр бизге өлбө, жаным өлбө дегендей гана жардам беришет. Бирок батыш революция менен бийликке ык тартаары маалым. Анткен менен анын артында ойлоно турган суроо жатат. Украинага жардам берди эле, Крымдан, Донецк облусунан айрылды. Грузияга берген жардамы Абхазиядан айрылуусуна алып келди. Армения батыштан жардам алып Карабахтан кол жууду. Ошондуктан, батыштан жардамды ойлонуп алыш керек...