"Эки мамлекеттин ортосунда талаш жерлер көп эле жолугат дүйнөдө... Бул проблеманы чечүүнү идеалдуу ыкмасы деле жок, ар бир мамлекет ыңгайына, мүмкүнчүлүгүнө, максатына жараша чечип келет...

1. Жер тилкелерин бөлүү

2. Жер тилкелерин алмашуу

3. Талаш жер тилкесин чогуу колдонуу

4. Талаш бойдон калтыруу, ал жерге эки тарап тең укугу жок дегенди таануу. Бул учурда 2 тарап тең ал тилкени өзүнүкү деп тааныбайт, жана кайтарууга аракет кылбайт, ал талаш жерге эч нерсе курбайт, салбайт....

Дүйнөлүк практика негизинен ушундай, туугандар... Албетте, радикалдуу чаралар болгон да мисалдар кездешет, бирок анда жанжал болушу мүмкүн... Маселе, кошуна мамлекет менен негизги саясий- экономикалык жагдай кандай? Эгер жакшы болсо, анда маселе акыры чечилет", - деп жазды саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев соцтармактагы баракчасына.