Президент Садыр Жапаровдун Москвага жасаган иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушту.

Министрликтин маалыматына караганда, тараптар аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдө кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулашты.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн министрлери «Пилотсуз учуучу аппараттарды пайдалануу боюнча кызматташуу жөнүндө» протоколго жана «Беш жылдык мөөнөткө аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү» программасына кол коюшту.


Булак: Маралфм