Жакында байланышка чыккан мурдагы премьер-министр 2017-2018-жылдардагы ТЭЦтеги аварияга күнөөлүүлөр экс-президент Сооронбай Жээнбековдун саясий буйругун аткарып жаткандыгын айтты.
(Автордун орфографиясы жана пунктуациясы сакталып берилген)
"ТЭЦтеги аварияга чындыгында күнөөлүү адамдар жана станцияны 2017-2018-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдап жатышкан адамдар айыптоолордун артына жашынып, Сооронбай Жээнбековдун саясий буйругун аткарып жатышат", - деп жазган Исаков.
Эске салсак, бир күн мурун Сапар Исаков төрт айдан кийин Facebook социалдык тармагындагы жеке баракчасы аркылуу байланышкан. Бирок, кечээ анын аккаунту бузулуп, жок кылынганы белгилүү болду. Бул тууралуу экс-премьер Facebook социалдык тармагындагы жаңы баракчасында жарыялаган.
Булак: vesti.kg
