Учурда каякта экенин таптырбай, издөөдө жүргөн мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу үн катып, Райымбек Матраимов, Сооронбай Жээнбеков жана Бишкек ЖЭБи боюнча үн катып, буга чейин айтып келгендерин дагы бир ирет кайталап, актанып, өзүнүн кристалдай таза экендигин айтты.

“Райымбек Матраимовдун ууру экенин 2017-жылы эле билип, кызматтан алганбыз. Анын уурулугу эми далилденип атат”,- десе, Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык ишке байланыштуу сөз кылып, анда күнөөсү жоктугун, ага чыныгы күнөөлүүлөр эркиндикте жүргөнүн, ал коррупциянын башында экс-президент С.Жээнбеков турганын баса белгиледи.

Мурдагы премьердин бул кайрылуусунан кийин “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген макал кыргыздарга гана тийешелүүбү деген ой келбей койбойт. Кыргыздын аткаминерлери коррупциялык, мыйзамсыз, кылмыштуу иштери далилденсе да, күнөөлөрүн мойнуна алып, кылган иштерине өкүнүү дегенди үйрөнө албай коюшту. “Бет тырмарлыктын” жеткен чегин көрсөтүп келишет. Москвада өлкөбүздөгү коррупциянын гүлдөөсүнө эбегейсиз салым кошкон мурдагы президент Аскар Акаев ушул кезге дейре “мен жакшы иштегем, күнөөм жок” дегенди айткандан жадабаса, Минскте жаткан дагы мурдагы ажобуз Курманбек Бакиев да өзүнүн сүттөн ак экенин айтып келатат. Ал эми учурда абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев болсо өзүн Кыргыстандын куткаруучусу катары сыпаттап, бийликте турган кезинде болгон кылмыштуу, чуулгандуу иштерди өзүнө жолотпой келүүдө.

Булак: “Майдан. kg” гезити