Экс-президент Жээнбековдун тушунда, экске жакын санаалашынан сурадым эле. "Раим Матраимов ызы-чууга айланып күчөп кетти, эмнеге камабай жатасыңар? Борбор жак болбой калды кыжыры кайнап", - десем,
"Раим камалды дегиче Кытай менен болгон соода-сатык солгундап, өлкөнүн базараларында проблема башталып, кадимкидей каатчылык каптайт. Кыргыз-Кытай ортосундагы соода маселеси, Атамбаев учурунда Раимге байланып калыптыр иним. Президент Жээнбеков да ушул нерсенин үстүндө баш катырып жатат, сразу кыйын экен", - деген эле.
Дегени чын чыкты.
Раим акам камалды, Кытайдан келген товарлар Казакстан аркылуу кетти. Биздин ишкерлерде, базарларда чоң көйгөй жаралды. Көйгөйдү пандемияга шылтоолоп, жүк өткөрүү посттордун жабылышына шылтадык. Шылтообуз шоона эшпей, кытай товары казактарга келип түшүп жатат. Прямой келген товар эки эсе кыматтап, через казактар аркылуу алып баштадык. Кептин кыскасы, колдогу нанды кошуналар тартып кетти. Деген менен күнөө өзүбүздө да өтө эле чоң. Бир аз байып баштаганда саясаттан сүйлөп, Ак үйдүн 7-кабатын эңсей баштайбыз.
Өткөндөгү коогалуу шайлоодо, Раим акам партия түзүп, партиясына 60% мандат алып өкмөттү өзүм түзүп, өлкөнү өзүм башкарам деп оолукту. Оолуккандан шайлоого 270 миллион акча чачканы айтылууда. 270 миллион акчага 46 мандат алып ыраазы болбой, Ош шаарында алган аз добушуна нааразы болгондой болгон. Нааразычылыгын айтканча болбой, партиясына президент Жээнбековду кошуп шыпырып түштү. Түшкөндөн кийинки ахыбал өзүнө да, өлкөгө да кыйын болду. Бүгүн деле Раим маселеси күч алгандан күч алып жатат.
Бул жерде ак-көк үй ичинде түйүнү чечилбеген сырлар да көп окшойт. Болбосо, коррупционер бир Матраимов болуп калды дейсиңби...
Эрнис Нурдин