- Нарынбек агай, жакында эле Украинанын мурдагы президенти Михаил Сакаашвили Кыргызстанга өнүгүү жолдорун сунуштап, тажрыйбасын бөлүштү. Анын берген багыты туурабы? Ал айткан жол менен кетсек эле Кыргызстан өнүгүү жолуна түшөбү?
- Михаил Саакашвили “Кыргызстанды Орто Азия боюнча хапка айландырыш керек”- деген оюн айтты. “Хайп” деген эмне? Кытайдан келген товарларды Кыргызстан аркылуу коңшу өлкөлөргө өткөрүп, бажы төлөмдөрүн жокко чыгарса, Кыргызстан товарлардын бейиши болуп калат деген оюн ортого салды. Ошондой эле ал банктардагы салык төлөмдөрүн Дубай сыяктуу төмөндөтүп койсок, Кыргызстан акчанын бейиши болот деген пикирин айтты. Бир сөз менен айтканда, “Кыргызстанды эркин экономикалык зонага айландырыш керек”- деди.
Тилекке каршы, ал айткан сунуштардын баарын ишке ашырууга болбойт. Анткени, биз Бажы биримдигинде Россия, Белоруссия, Казакстан менен бирдикте мүчөбүз. Михаил Саакашвилинин айткан сунуштарын ишке ашырабыз десек, анда биз Бажы союзунан чыгышыбыз керек. Анткени, Бажы союзунан түшкөн төлөмдөрдүн баары жалпы кассага түшүп, анан мүчө болгон мамлекеттерге бөлүнөт. Кыргызстанга бир бүтүн ондон жети пайыз бөлүнөт. Ошон үчүн биз өзүнчө бажы саясатын жүргүзө албайбыз. Бүгүнкү Кыргызстандын экономикасын карасак, кенен көрүнөт. Бирок, “Кумтөрдү” эске албаганда элибиз айыл чарба жана соода менен күн көрүп жаткансыйт. Тагыраагы, агрардык базар экономикасы менен күн кечирип, жашоосун улантып жатат десек эч качан жаңылбайбыз. Маселен, өндүрүш жокко эсе. Жыгач, темир, бут кийим, телевизор, муздаткыч, ручка, кагаз, чыны, кашык, жада калса кумшекерди, жумуртканы да сырттан алып келебиз. Биздин акчалар сыртка чыгып, бизге товар саткан мамлекеттер байып жатат. Кыргызстанда өндүрүштүн жоктугунан акча суудай чыгып жатат. 2020-жылы эле 500 миллион доллардан ашык каражат сыртка чыкканы айтылууда. Туура, жумуртканы Кытайдан алып келебиз. Аны жейбиз. Эртеси акчадан жок же жумурткадан жок калабыз. Эмнегедир тооккана да курууну колго албай жатабыз. Мисалы, Алматыда тооккана куруптур. Бир күндө 180 тонна жем жейт экен. Эгер Чүйдө ошондой тооккана курсак, Чүй району, Кемин району, Ысык-Атадагы бош жаткан жерлерге эгин эгилип, элдер эгинин тоокканага өткөрүп, пайда табышат эле. Ошон үчүн өндүрүшту колго алыш керек. Мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Түштүк Кореянын өнүгүүгө багыт алган мезгилин айткым келет.
1960-жылы Сеулда бир эшеги бар киши байлардын катарына кирчү. Кореяда элдердин жашоо-шарты начар болуп, баары миграцияга кетип турган мезгилде жаш генералдар көңтөрүш жасап, Пак деген генерал бийликке келген. Ал өлкөнү жаап коюп, бүт баарын өздөрү чыгара баштаган. Элдер бар алтындарын өткөрүп, мамлекетке жардам кылышкан. Аялдар болсо чачтарын бери кыркып мамлекетке беришкен. Тагыраагы, аялдардын чачынан бери парик жасап, ошону сатып, өндүрүштү өнүктүрүүнү колго алышкан. Корея мына ушундай дем менен иш алып барышканы үчүн ылдам эле өнүгүп кеткен. 2008-жылы болгон дүйнө жүзүндөгү каржы кризисинде Япония абдан кыйналды. Корея эч нерсе болгон жок. Себеби, буларда импорт менен экспорт тепетең болуп, баланс сакталды. Тагыраагы, сырттан алып келгени менен сыртка сатканы тең болуп, корейлер кыйналышкан жок. Буларда башка мамлекеттегилердей кен байлык, нефти деген жок. Ошентсе да, күйүүчү майдын сырттан ташылып келгенине карабастан, Корея өнүгүп кетти.
- Катар келген кризистен, кыйынчылыктан тез эле чыгып кеткен, биз үлгү ала турган мамлекеттер барбы?
- Бар. Мен мисалга Испанияны алгым келет. 2008-жылкы финансылык кризисте Европанын өлкөлөрүнүн баары кыйналды. Италия, Испания, Кипр “мына дефолт болот, кризиске батып калды” деген кооптуу маалымат тарап жатты. Бирок, Испания ал абалдан тез эле чыгып кетти.
- Кантип?
- Алар болгон нерсенин баарын которуу жолуна өткөрүштү. Испания 1000 доллардан ашканынын баарын которуу жолуна өткөрүп койду эле дефолт болот деген абалдан чыгып кетишти. Мисалы, бизде бир күндө канча деген үйлөр, канчалаган машинелер сатылат. Бири дагы бир сом салык төлөбөйт. Тагыраагы, акчанын көбү көмүскө экономикада айланып, элге пайдасы тийбей жатат..
- Испаниядагыдай болуп, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу үчүн өкмөт атайын мыйзам чыгарышы керекпи?
- Чындап көмүскө экономиканы ачыкка чыгарабыз, баарын которуу жолу менен кылабыз десек, ага мыйзамдын деле кереги жок. Тагыраагы, өкмөттүн эле чечими керек. Мен муну Кыргызстан да ушул жолду тандасак, мамлекет бат эле оңолот эле деген ойдо айтып жатам. Анткени, көмүскө каражаттар ачыкка чыгат.
- Баса, Экономика министринин креативдүү багытта иштеп жаткан адамдар салык төксүн деген демилгеси колдоого алсак болобу?
- Албетте, Экономика министрлигинин креативдүү багытта иштеп жаткан ишкерлерден салык чогулта баштайлы деген демилгесин, сунушун колдойм. Ал турсун, туура кадам деп эсептейм. Маселен, блогерлер, ырчылар, тамадалар болобу электрондук долбоорлор менен компьютердик программалар аркылуу абдан көп акча таап жатышат. Бирок, бири дагы салык төлөгөн жок да. Алар Кыргызстанда жашап жаткандан кийин алардын ден соолугун врачтар карайт, балдарын мектептер окутат. Коопсуздугун милиция кайтарат. Аз каражат алып. Жооптуу жумуш жасаган медсестра салык төлөйт да, жогоруда сөз кылган көп каражат тапкандар эмнеге төлөбөшү керек? Ошондуктан Экономика министринин демилгесин абдан колдогум келет. Себеби, Кыргызстанда 10-14 пайыз салыкты араң төлөп жатабыз. А башка мамлекеттерде 40-50-60 пайызга чейин салык төлөшөт. Ошон үчүн салык көп төлөнгөн өлкөлөр бай. Биз айтабыз, “бизде байлар көп, өлкөбүз кедей”- деп. Эгер салык жакшы төлөнсө, өлкө да, эл да бай болот. Ушул багытта өкмөт, жаңы бийлик туура иш алып барса, Кыргызстаныбызды ылдам эле кыйынчылыктан алып чыксак болот.
Аэлита Сатындиева, Булак: “Майдан. kg” гезити