- Электр энергиясына болгон тарифтин ылдыйлашын жана чектөөнүн алынышын эл күтүп жатат. Бул күтүү реалдуубу, биздин шартта тарифти ылдыйлатуу чын эле мүмкүнбү?

- Буга дейре жаздан баштап элге электр энергияны 77 тыйындан берилээри тууралуу кеп болгон. Негизи, бул баа учурда реалдуу эмес. Себеби, электр энергиясынын учурдагы карызы 137 млрд. сомду түзөт, анысы аз келгенсип 25 млрд. курстук айырма бар. Кийинки, 2022-жылдан тартып биз төлөмдөрдү аткарып, карыздарды төлөй баштайбыз. Ал акчаны албетте, элден түшкөн акча менен же донорлордун эсебинен төлөгөнгө туура келет. Өкмөт ансыз да 700 кВтка чейин 77 тыйын, андан ашканга 2.16 сом кылып бербеди беле. Энергосекторлордо иштеген адистердин айтымында, учурда электр энергиянын өздүк баасы орточо 1.5 сом, бул бүт чыгымдарды эсептеп келгенде. 77 тыйын биз үчүн чыгаша, мындай тариф менен электросекторубузду биротоло банкрот кылып алабыз.

- Өткөн жылдын аягында “тарифти көтөрбөсө болбойт, электр энергияга суроо -талап жогорулап жатат” деген маалымат тийиштүү кызматтар тарабынан айтылган. Ошондо, бизди алдыда кымбаттоо күтүп жатабы?

- Негизи эле КМШ өлкөлөрүндө эң арзан тариф бизде. Тарифти көтөрүү - бул учурдун талабы. Биринчиден, тарыхты карасак Токтогул ГЭСи 1962-63 жылдары курулган, ага чейин көп деле модернизация болгон эмес. Ошол мезгилдин талабы же ошол мезгилдин керектөөлөрү менен курулган. Жылдан жылга калктын саны да өсүп, керектөөлөр да 10 эсеге өсүп жатат. Ошондуктан, электр энергияга болгон талап күндөн-күнгө өсүүдө. Бирок баалардын өсүшү байкалбай келет. Мында элге туура түшүндүрүү керек.

- Кыргызстандын энергетика тармагынын мүмкүнчүлүгүн кандай баалайсыз?

- Мүмкүнчүлүгү өтө жогору. Бир канча чоң ГЭС курсак  болот. Мисалы, Сары-Жаз дарыясына 3000 миң мегаватт же Тоо-Ашкан дарыясына 1000 мегаватт курууга болот, бирок тилекке каршы, бул дарыялардын суусу  кандайдыр белгисиз себептер менен Кытай өлкөсүнө кетет экен. Экинчи тарабы учурдагы климаттын өзгөрүүсү да чоң таасирин тийгизет, жылдан жылга кардын же жамгырдын аз көлөмдө жаашы дарыялардагы суунун тартыштыгына алып келип жатат. Ошондуктан, ГЭСтерге жетишээрлик суу толбой жатат.

- Бирок суу аз болуп калган чакта деле элге электр энергиясын 77 тыйындан сатуу өтө кымбат дегендер бар. Сиз кандай ойлойсуз?

- Эки тарабын карасак болот, биринчиси климаттын өзгөрүүсү, экинчиси геосаясатка байланыштуу. Биринчи тарабы жогоруда белгиленгендей, жаандын аз көлөмдө жаашы, экинчи тарабында кээ бир өлкөлөр менен суу мыйзамынын негизинде аларга жыл сайын суу берүү шартыбыз. Каалайбызбы, жокпу биз убагында коңшу өлқөлөргө белгилүү өлчөмдө суу беребиз деп кол койгонбуз. Аны биз эч качан буза албайбыз. Суу аз болуп калганда деле элге 77 тыйындан сатуу туура эмес дегенге учурдагы экономикалык абалды эске алган чакта деле кошула албайм. Эгер биз электр энергияны 77 тыйындан төмөн сата турган болсок, эртең бүтүндөй энергосекторубузду жоготуп алабыз. Биз эң негизгиси,  карыздан кутулсак же экономикалық кризистен чыгып алсак балким 77 тыйындан да  төмөн болоор,  бирок ишенүү өтө кыйын. Себеби, электр энергиянын төмөндөөсү экономикага байланыштуу, бизде өндүрүш жок, электр энергиянын 70%ы калкка кетет, 30%ы  гана өндүрүшкө сарпталат. Канча көп өндүрүш болсо, электрсекторго ошончо көп пайда алып келет. Мындай айтканда, ИДПнын өсүшү байкалат. Баса белгилей кетүү керек, сууну кыш мезгилинде коңшу өлкөлөргө агызбайт. Бир гана суугат учурунда берилет.

- Электр энергиясына пайдаланууга чектөө, башкача айтканда 700 кВтка чейин башка, андан кийин башка баанын коюлушу туурабы?

- 700 кВтка чейин негизи 77 тыйын,  андан ашса 2.16 сом. Тоолуу райондорго 1000 кВтка  чейин 77 тыйын. Бирок 700 кВт айыл жергесинде жашагандар үчүн жетиштүү деп эсептешкен.

- Кымбаттатуу элдин социалдык абалына туура келет деп ойлойсузбу? Алдыда кыскартуулар күтүлүп атат, жумушсуздук ансыз да күчүндө. Ушундай учурда кымбаттаттуу нааразычылыкты жаратпайбы?

- Эгерде “Кабар-Ата-2” ГЭСин  толук куруп бүтүргөнүбүздө, балким элге бир аз болсо деле арзан электр энергия бермекпиз. Тилекке каршы, коррупциялык иштердин негизинде бул чоң долбоор токтоп калбады беле.

- Айрым эксперттер энергияны өндүрүүнүн өздүк наркы бир нече тыйынга гана туура келээрин, 77 тыйындан сатуу кайсы бир тараптын жеке капчыгын калыңдатууга жасалган аракет экенин айтып жатышат. Буга эмне дейсиз?

- Ал эксперттер популисттер, элге жагынуу үчүн ушундай жүйөсүз эсептерди чыгарып жатышат. Балким,  бул тарифтер 90 жылда болушу мүмкүн. Бирок учурда андай болуу мүмкүн эмес. ГЭСибиз акыркы 1991-2000-жылдар аралыгында такыр жаңыланган эмес. Тарифттер учурдагы экономикалык абалга карап өзгөрүп турат. Ансыз да энергосекторубуз банкротто, суунун жетишсиздигинен улам Казахстандан 2014-жылы 5 сомдон сатып албадык беле. Анын айырмасын кандай болгон чакта да чыгаруу керек. 13  млрд. сом карызыбызды 2022-2023-жылдарды утурлап төлөөгө туура келет. Бюджетте акча жок, тарифти көтөрүү менен төлөөдөн башка аргабыз жок.

- Казакстандан электр сатып алуу боюнча билдирүү жазып, анда кыргыз аткаминерлери өз өлкөсүнө каршы чыккынчылык кылганын айттыңыз...

- Биз Казакстанага ар жылы бекер суу бергенге акылуубуз, бирок жай мезгилинде. Анын ордуна тилекке каршы, эч кандай энергия албайбыз. Анткени, тээ башынан эле кыргыз аткаминерлер  ушундай келишимге кол коюп коюшкан экен. Казахстан өздүк баада бизге орто эсеп менен 2,10 сомдон энергияны экспорттойт, аларда тартыштык болгондо бааны 5 сомго чейин көтөрүшү мүмкүн, мисалы 2014-жылы 1 кВт энергияны 5 сомдон сатып алганыбыз бар. Өзүбүздүн сууну өзүбүз сатып алып жаткандай эле кеп.

Арина Рысбаева, Булак: “Майдан. kg” гезити