Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров иш сапары менен Россия Федерациясына бараарын Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда айтылгандай, 2021-жылдын 18-февралында Москвада Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда КР тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев менен РФ тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко ТИМдер аралык консультация өткөрүштү.
Анда КР президенти С.Жапаровдун жакында Россияга боло турган алгачкы иш сапарынын маселелери талкууланды.
Ошондой эле, тараптар мамлекеттик байланыштардын бекемделишин шарттай турган жогорку деңгээлдеги байланыштардын маанилүүлүгүн жана үстүбүздөгү жылга саясий жана маданий, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Кайчылаш жылы деп жарыялануусунун алкагында иш-чаралардын графигин белгилешти.