- Бүгүнкү күндө депутат К.Жумалиевдин камакка алынышы кызуу талкууга алынып жатат. Бул багытта кандай төлгө түшүп жатат?

- Жумалиевдин юридикалык маселелери күчөп, камалып калышынын себеби бар. Плутон планетасы Уранды активдештиргенде юридикалык маселелер жаралган. Тагыраагы, Уран планетасынын 4-сектордо туруп, эң чоң юридикалык маселенин жаралганын көрсөтүп турат. Тагыраагы, Жумалиев арендага алган кеңселерден бери эсепке алынып, үйлөрү, үй мүлктөрүнүн баары коомчулукка жарыяланып кетти. Баса, Уран планетасы Марс планетасын да активдештиргенин көрүүгө болот. Мындай учурда юридикалык жактан көйгөй жаралып, апогейине жетип, жашыруун душмандардын таасиринен абал курчуганын айтсак болот. Чынында мунун байлыгын текшерүү маселеси 5 жыл мурун эле башталган. Азыр пикке жетип отурат. УКМК Жумалиевди кустуруп, бюджетке акча төктүрүп чыгарса да, ага байланышкан маселелер токтобойт. Тагыраагы, жашыруун душмандары аны дагы беш жыл жөн коюшпайт. Улам чукулап текшертип турушат. Ошон үчүн акылга келип, абалды анализдеп, маселе эмнеден жана ким тарабынан жаралып жатканын эске алып, окуу жайларынан кызмат сурагандарга кызмат, акча үмүт кылгандарга акча берип, ыраазы кылып, тилин табышы керек. Болбосо жашыруун душмандарынын азабынан 5 жыл бою башы текшерүүдөн, иликтөөдөн чыкпай отуруп, жыртык тепшиде отуруп, ыштаны жок калышы мүмкүн. Антпесе душмандары жакынкы убакта тынчыбайт. Акылдын күчү менен ошолордун тилин тапса, бул маселе бир жылда эмес, бир айда чечилет. Аларды ыраазы кылбаса ыңылдап текшертишип, айласын кетиришет.

- Кубанычбек Жумалиевди ошондо кимдер сатып жатышат? Жашыруун душмандары ким? 

- Никелешкен шериги тараптан аялынын душмандары да сатып жатат. Ошондой эле  чогуу иштеген өнөктөштөр тараптан да сатып, УКМКга, Финполицияга маалымат берип, факты бар экенин айтып, ынандырып, кылмыш ишин козготушту. 

Кубанычбек Жумалиевдин камалышына аялынын да кандайдыр бир деңгээлде күнөөсү бар десек болот. Айтайын дегеним, аялынын душмандары ага жагымсыз жагдай жаратыш үчүн, туура эмес маалыматтарды укук коргоо органдарына берип, Жумалиевдин камалышына себепчи болушту. Ошондой эле чогуу бизнес жасагандар да болушунча сатып, көргөн билгендеринин баарын УКМК менен Финполицияга жеткиришкен. Азыр айлалары кетип, жакын санаалаштарына да кайрылып, жардам сурап, абалдан чыгып кетүүнүн жолдорун издеп жатышат. Бирок, санаалаштары жардам бералбай, тескерисинче буларга кедергисин тийгизип коюшу толук мүмкүн. Жети өлчөп, бир кесүү керек!

- Бийлик тараптан көрсөтмө болгон эмеспи?

- Жок. Абалды жашыруун душмандар гана татаалдатып жиберишкен. УКМК камап, Финполиция текшерсе эле аларды жек көрө бербеш керек. Баарын жашыруун жайлап  жаткандар, башка адамдар. Көзөмөл органдарына толтура фактыларды берип, өздөрү эч нерсе билбегендей отурушат. Бул асмандагы 9чу жана 12чи секторлордун таасири. 12-сектор: так ушул айтылып жаткан “түрмө жана жашыруун душмандардын сектору”. Ошолор азыр активдешкен. Ал эми 9-секторго: “жогорку окуу жайлардын мугалимдери, чет өлкөлүк өнөктөштөр жана юридикалык мекемелер” кирет. Жумалиев, негизги душмандарды так ушул тармактардан издөөсү керек!

Булак: “Майдан.kg газетасы