Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеӊештин жыйынында 2019-жылы 27-ноябрда кол коюлган Кыргызстан менен Казакстандын миграция жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуусун ратификациялоо тууралуу мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Талкуу маалында депутат Бейшенаалы Нурдинов Мамлекеттик миграция кызматын Тышкы иштер министрлигине кошуу максатка ылайыктуу экенин белгиледи.

Ага депутат Умбеталы Кыдыралиев да кошулду.

«2020-жылы пандемияга карабай мигранттардан 2 млрд 300 млн сомдой каражат келди. Буга биздин 1 жылдык бюджетибиз да жетпейт. Андыктан миграция кызматынын артыкчылыктуу багыты эске алынып, тиешелүү гана министрликке кошуу керек. Тышкы иштер министрлигинин карамагына кириши натыйжалуу болмок», - деди Кыдыралиев.

Ал эми өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов өкмөттүн токтомуна ылайык Мамлекеттик миграция кызматы Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, ошондой эле тышкы миграция чөйрөсүндөгү функциялар Тышкы иштер министрлигине берилип жатканын маалымдады.

Талкуудан соң аталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.


Булак: Баракелде