-Президент Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиевди коомчулуктун сын-пикирин эске алып, кызматынан кетирди. Өлкө башчысынын соцтармактагы пикирлерди эске алганы колдоого татыйбы?
-Президент Садыр Жапаровдун соцтармактагы өлкөбүздүн жарандарынын пикирлерин аңдап, эсептешкени абдан жакшы жышаан. Буга чейинки ажолорубуздун көз-кулактары айланасындагылар эле да. Мындан улам коомдогу маанайды өз көзү менен көрүп, таразалап, анан туура пикир чыгарат деген элде да жакшы ой пайда болору анык.
Негизи президент тагында отуруп алып, вазирлерине толугу менен ишенип, алардын айткандарын кыла бергени түк туура эмес. Алардын ою ар дайым эле туура боло бербей калышы мүмкүн. Ошон үчүн ажо эл ичинде жүрүп, элдин пикирине карап иш кылганы, элдин пикирин эске алганы чоң үмүт арттырат.
-Социалдык тармактарда өзүн мактатып баштагандардын аракети да эске алынып, мэрликке талапкер катары каралышы керекпи?
-Социалдык тармакта өзүн мактаткандар өзүнөн өзү эле чыпкаланып калат. Тролдор фабрикасын азыр элдин баары билет. Ар бир иште баланс болушу керек. Мисалы, ошол эле кайсы бир кызматкерди дайындоодо анын иш тажрыйбасы, билими, аброю менен кошо ал жөнүндө элдин пикирин да эске алуу ашыкча болбойт.
- Жаңы бийлик коррупция менен күрөштү күчөтүп жатабыз дешкени менен нааразы тараптар да чыгып жатат. Сиздин баамыңызда коррупция менен күрөш ырааттуу жүрүп жатабы же элди алдаган шоу болуп атабы?
-Коррупция менен күрөшүү аракети башталганы жакшы. Бирок ырааттуулукка убакыт керек. Себеби, күч структуралары да, сот системасы да бир жолго коюла элек. Буга чейинки 30 жылдын көрсөткүчү ушундай акыбалга алып келди. Көп нерсе өлкө башчысына көз каранды. Эгер ал өзгөртүүнү кааласа коррупция менен күрөш уланат. Эгер шоу болуп атса, ал жакынкы аралыкта эле билинип калат.
-Коомчулукта Кубанычбек Жумалиевдин камалышы боюнча да түрдүү пикирлер айтылууда. Укук коргоо органдары өз ишин аткарып жатабы же аша чаап кеттиби?
-Негизи Кубанычбек Жумалиевдин камалышы элдин талабы болчу. Демек, камалгандан кийин факты дагы бар да. Мындай кадамдар биздин аткаминерлерибизге жакшы сабак болушу керек. Ошол эле маалда 10 чакты факт катталып, шектүүлөр келтирилген чыгымды төлөп үй камагына чыгышканы тууралуу да маалыматтар бар. Эми алар бул зыянды казынага 5-10 эсе көп өлчөмдө төлөп берип, анан сот жообуна да тартылышы керек. Болбосо мындай кадамдар шоу катары эсептелине берет. Ошондой эле элдин талабы аткарылбаса, бийликтин бетине көө сыйпаганга барабар иш болуп калат.
Булак: «Майдан. kg» гезити