«Социал-Демократтар» саясий партиясынын лидери болуп Темирлан Султанбеков шайланды. Мындай чечимди бүгүн, 12-февралда партиянын съезди кабыл алганын мурунку президент Алмазбек Атамбаев социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.

Партиянын мурунку лидери Сеид Атамбаев милдеттерин өткөрүп берген.

Съездге 200 делегат катышып, алардын арасында, парламенттин депутаттары жана жергиликтүү кеңештерден 80 депутат болду. Ошондой эле «Социал-Демократтар» партиясы жергиликтүү кеңештердин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катыша турган болду.

Булак: Баракелде