-Токтогул мырза, жаңы бийлик коррупцонерлерди мамлекетке келтирген зыяндарын төлөтөбүз дешкени менен аларды сындагандар да чыга баштады. Кубанычбек Жумалиевдин камакка алганы мыйзамдуу эле болгонбу?
-Негизи укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча Кубанычбек Жумалиев мурун козголгон кылмыш иштери боюнча камакка алынды. Ошол жагын эске алганда мыйзамдуу эле камакка алынды.
-Бирок УКМК менен Финполиция Кубанычбек Жумалиевге гана күрөштү күчөттү деген пикирлер да чыга баштады го...
-УКМК менен Финполиция Кубанычбек Жумалиевге күрөштү күчөткөнүнүн да себеби бар. Анын аябагандай көп чарба мекемелери бар болсо да мамлекетке салык төлөбөй, мыйзам бузган учурлары болгон экен. Ошон үчүн тиешелүү органдар артынан сая түшүп, бардык мүлкүн иликтеп, мамлекетке келтирген зыянын аныкташты. Мүмкүн башкаларга төлөбөгөн салыктарыңды төлө, мыйзам бузган учурлар үчүн жооп бер деген талап Кубанычбек Жумалиевге гана күрөштү күчөткөндөй сезим калтырып жаткандыр...
-Жумалиевди жакшы тааныгандар жана жактоочулар ага катуу мамиле жасалганын, анын курагы, илимпоздугу эске алынбагандыгын айтып, нааразы болушууда. Алардын дооматы орундуу элеби?
-Мүмкүн Кубанычбек Жумалиев Акаевдин мезгилине чейин илимпоз болсо болгондур. Бирок Аскар Акаевдин колунда иштеп, премьер-министр болгондон баштап бизнесмендердин катарына кирип, көп мүлккө ээ болуп, чоң бизнес жолуна түшкөндөй таасир калтырат. Негизи жактоочуларынын койгон дооматы, анын санаалаштарынын айтканы дайыма эле камалган кишилердин жакындары айтып келген сөздөр. УПКнын талабы боюнча оорукчан болсо, УКМКнын госпиталы бар. Саламаттыгында маселе жаралса, ошол жерде дарыланат. Бул биринчиси. Экинчиси, аялынын медициналык окуу жайы болсо, кантип эле ден соолугун калыбына келтирүү үчүн медициналык көзөмөл жүргүзгөн эмес деген да маселе жаралат.
- Сыймык Жапыкеев анын балдарын камаганда “эртең өзү камалат” деп билдирүү таркатканы аша чаап кеткенден кабар бербейби?
-Бизнес үй-бүлөлүк болот. Ошондуктан, ушундай абал кездешет. Жапыкеевдин “каматам, минтем, тигинтем” дегенинен саясат издебей деле коюшса болот. Далили көп болсо камайт, жок болсо камабайт.
-Жапыкеев менен УКМКнын кустурабыз деген саясатынын жана көмүскө экономиканы ачыкка чыгаргысы келбегендер, бизнесмендер ишканаларын Кыргызстандан чыгарып кетпейби?
-Мындай "кустуризмге" барабыз дегендер негизги приватташтыруу - менчиктештирүү мыйзамдарына көңүл бурушу керек. Алгандар алышты. Саткандар каалагандай сатышты. Бирок приватташтыруу жөнүндөгү милдеттер аткарылбай калды. Ошон үчүн текшерүүчүлөр "по вновь открывшимся обстоятельствам” деп кустуруу процессине алып келүүдө. Сыймык Жапыкеев кустура турган мекеме болсо да, жогору жактан макулдугу жок жалгыз кустуруу процессин ишке ашыра албайт. Колдоо болгону үчүн ишке ашырып жатат.
Булак: «Майдан. kg» гезити