-Жамин агай, мамлекетте реформа болуп, бир канча министрликтер  кыскараары айтылууда. Айыл чарба министрлигине башка тармактарды кошот экен деген маалыматтар да айтылууда.  Эгер чындап Айыл чарба министрлигине башка тармактар кошулса, аталган министрликтин  укук милдети кеңейеби же тескерисинче түйшүгү көбөйөбү?

- Айыл чарба министрлигинин укуктарынын кеңейиши туура болду. Буга чейин бул министрликтен суу жана жер тармактарын чыгарып кетишкен. Бул акылга сыйбаган иш эле, себеби жер менен суу - бул ага-инилердей болгон бир туугандар. Жер менен суу бир казанда эт менен шорподой болуп чогуу кайнашы керек. Ошондо гана натыйжа болот. Ошондой эле ветеринария кызматын дагы башка жакка бөлүп кетишкен. Мал чарбасы менен ветеринария дагы чогуу иштеши керек. Ошондо гана ылаң оорулары азайып, мал семирет жана асыл тукумдуу болот. Айыл чарба илими дагы айыл чарба министрлигинин курамында болушу талапка ылайык. Анткен себеби, өндүрүштү илимий негизде жүргүзмөйүнчө ишибиз алдыга жылбайт. Бирок ушул учурда 4 институттун экөө гана айыл чарба министрлигинде. Булар - дыйканчылык илимий изилдөө институту жана Мал чарба, жайыт институту. Ал эми калган Ветеринария жана Ирригация институттарын Агрардык университеттин ректору Нургазиев мырза жеке менчигиндей кылып колтугуна кысып, аларды Айыл чарба министрлигине бербей жатат. Бул наадандыкка барабар. Ошондуктан, ушул маселени жаңы өкмөтүбүз тезирээк чечип бериши зарыл.

-Айыл чарбага ветеринарияны кошсо, бир тармакты эптей албай жаткандар ветеринариянын да ашмалтайын чыгарып, сөзү көп, кыйратып жасаган иштери жок болуп калбайбы?

- Өзүнчө болуп түзүлгөн ветеринария жана фитосанитария инспекциясында 1 миңден ашык ветеринар врачтар иштешет жана алардын негизги милдети инспекция же болбосо текшерүү гана жүргүзүшөт. Ошол эле учурда биздин айыл чарба өндүрүшүбүзгө 4000 ветврач жетишпейт. Демек, жанагы текшерүү менен гана алек болгон адистер Айыл чарба министрлигине кошулуп, мал чарбасын тейлеши керек. Ошондо гана ашмалтай иштерге жол берилбейт.

-Жаңы бийликтин  кыскартуу, бириктирүү саясаты колдоого татыйбы?

-Министрликтерди, комитеттерди, фонддорду, инспекцияларды жана башка мамлекеттик кызматтарды ирилештирүү азыркы мезгилдин талабы. Себеби, Республика боюнча мамлекеттик чиновниктердин саны 30 миңге жетип, бюджетти талап-тоноп жатышат. Ошондуктан, Президент Садыр Жапаровдун 48 мекемени 16га чейин кыскарткандыгы миллиарддаган сомдорду үнөмдөөгө алып келет жана бюрократиянын сазайын берет.

-Жаңы Өкмөт бюрократиянын сазайын бере тургандай ишти жөндөп кете алабы? Жоопкерчиликти  колго алалабы?

- Жогорку Кеңеш шайлап, Президенттин буйругу менен дайындалган Өкмөттүн курамы негизинен кесипкөй жана тажрыйбасы мол кызматкерлерден турат. Демек, Улукбек Марипов башкарган жаңы Өкмөт жоопкерчиликти толугу менен моюнуна алат жана ага керт башы менен жооп берет. Өткөөл мезгилдеги орчундуу милдеттерди аткарууга алар жөндөмдүү деп эсептейм.