Өкмөттүн мамлекеттик түзүмдөрдү бириктирүү жана кеңейтүү реформасы боюнча дагы да пикирлер айтылууда. Алмазбек Акматалиев министрлердин укуктарын да кеңейтүү керек деп эсептейт. 

"Министрликтерди кеңейтүү башка маселелердин катарында дагы эки маанилүү башкаруу чечимин кабыл алууну талап кылат: 

1.Кеңейтилген министрликтердин жетекчилеринин укуктары эки эсеге күчөтүлүшү керек! Укук менен бирге министрлердин жоопкерчилиги да жаралат. 

2.Президенттик Администрация менен Өкмөт Администрациясынын биригүүсү, вице-премьер-министрлердин жоюулушу Президенттик Администрациянын кызматкерлеринин жоопкерчилигин бир нече эсеге жогорулатат, айрыкча Президенттик Администрациянын Башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин. Алар туура чечим кабыл алган, маселелерди чечүүдө натыйжалуу жол таба алган жогорку квалификациялуу кадрлардан болууга тийиш. Өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн жаңы регламенти кабыл алынууга тийиш, анда министрлердин өз алдынчалуулугуна жана жоопкерчилигине басым жасалуусу шарт!" - деп билдирди саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев.