Бул тууралуу КР Президенти Садыр Жапаров президенттик аппараттын  жана түзүмдүк органдардын жетекчилери менен болгон жолугушууда билдирди. Жыйында ошондой эле жакынкы келечекке карата артыкчылыктуу багыттар туурасында сѳз болду.

Садыр Жапаров бири бирин кайталаган, функциялары окшош мамлекеттик органдарды жоюп, алардын иштеринин натыйжалуулугун арттыруу зарылдыгын баса белгиледи. Ѳлкѳ башчынын айтымында, мындай реформалык кадамда эки нерсеге ѳзгѳчѳ кѳңүл бурулушу керек. Биринчиден, мамлекеттик органдардагы коррупциялык кѳрүнүштѳрдү ооздуктоо, экинчиден, бюрократиялык жана административдик кѳрүнүштѳрдүн орун алуусун мүмкүн болушунча жокко чыгаруу. Мамлекеттик органдар тарабынан коюлган милдеттер, тапшырмалар ѳз маалында аткарылып, кадрларды тандоодо негизги кѳңүл адистердин кесипкѳйлүктѳрүнѳ каралышы абзел.

Президент жыйындын жүрүшүндѳ буга чейин айтып келген маселеге дагы токтолду. Тагыраагы, туугандык, достук ж.б. мамилелери бар экендиктерине карабай мыйзамдарды бузган, коррупциялык иштерге аралашкан бардык жарандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылып, жазага кириптер кылынат.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити