Депутат Сайдулла Нышанов "Ата-Мекен" парламенттик фракциясынын курамынан чыгарын бүгүн, 4-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

Айтымында, ал  фракциядан тыш депутаттык ишмердүүлүгүн уланта берет.

"Партиянын ичинде андай деле карама каршылык жок, бирок ички авторитаризмди колдоого албайм. Лидер эмне айтса ошону аткаргым келбейт. Мени фракциянын катарынан чыгарганга аракет кылышканын, бирок добуш жетпей калганын билем", - деди ал. 

Белгилей кетсек, Нышанов  "Ата Мекен" партиясы аркылуу депутаттыкка эки чакырылышка шайланган.