Адатта жаңыдан шайланган мамлекет башчылардын чет өлкөгө жасай турган алгачкы расмий же иш сапарына өтө маани берилет. Анткени, бул иш чара ошол өлкөнүн кайсы чет мамлекетти стратегиялык өнөктөш катары кабыл аларын жана биринчи орунга коёрун билдирет. Бирок 10-январда шайланган президент С. Жапаровдун кайсы чет өлкөгө расмий сапар менен бара тургандыгы ушул күнгө чейин так белгилене элек.
Анткени, мындан мурда, президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыяланып, С.Жапаровдун жеңгендиги жар салынгандан кийин алгачкылардан болуп, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу куттуктап, иш сапар менен келип-кетүүгө чакыргандыгын “Акордо” басма сөз кызматы өзүнүн сайтына жарыялаган.
Бирок өткөн жумада парламент жыйынында вице-премьер-министр Равшанбек Сабировго депутаттар ушул суроону беришкенде, “Азыр президенттин Россияга иш сапарына даярдыктар жүрүп жатат...”,- деп жооп кайтарган болчу.
Ал эми Казакстандын президентинин «Акордо» басма сөз кызматы 1-февралда кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргызстандын жаңы дайындалган президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөшкөнүн кабарлады.
Мындан мурда С.Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаров ант бергенден кийин алгачкы иш сапарын Орусиядан баштаарын билдирген болчу.
Ошондо Байтерек Жапаровду Орусияда эч ким күтпөйт жана кабыл алууну каалабайт деген маалыматты четке каккан. «Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун алгачкы чет өлкөлүк иш сапары Орусияга болору чын. Бул багытта иштер жүрүүдө. Орусия тарап менен биргеликте алдыдагы иш сапардын күнү жана жүрүшү каралып жатат. "Орусия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес" деген маалымат чындыкка дал келбейт», — деп билдирген Байтерек.
Ооба, Казакстан боордош, бир тууган өлкө. Бирок дүйнөлүк державалардын катарына кирген Орусия менен байланышыбыз андан да бекем жана ачыгын айтканда, көп жагынан көз карандыбыз. Ушул жагдайды эске алганда, алгачкы иш сапарын Орусиядан эле баштаганы туура.
Булак: “Майдан. kg” гезити