- Садыр Жапаров инаугурацияда сүйлөгөн сөзүндө “өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдү, санаалаштарымды жана оппоненттеримди, улуттук азчылыктарды жана диний конфессияларды улуу мүдөөнү аткаруу жолуна тилектеш, максатташ болууга чакырам”,- деди. Бул сөзү менен шайлоо мезгилиндеги атаандаштары менен да тил табышуу ниетин билдирдиби?

- Кыргызда “атаңды өлтүргөнгө - энеңди алып бер” деген сөз бар. Ошон үчүн шайлоо мезгилиндеги айрым кайым айтышууларды касташтык өңүттө кабыл алганга болбойт. Ал кездеги абалды туура баалап, калпыстыкка жол бербөө керек. Анткени, кыргыз эли бир ууч эл. С.Жапаровдун ынтымакка чакырып, айкөлдүк кылганы туура эле болду. Мындан ары “атаандашынын артынан түшүптүр” деген сөзгө калбашы керек. Себеби, ынтымакта болсок, ырыскы келет. Мамлекетибизде ийгилик болот. Ошон үчүн тирешпей тил табышса, өзү үчүн да, эл үчүн да, мамлекет үчүн да пайдалуу болот.

- Ашыкча чыгымдан баш тарта берип, ант берүү аземи жупуну өткөн жокпу?

- Садыр Нургожоевич ашыкча чыгымга тыюу салып, жөнөкөй, бирок татыктуу ант берүү аземин өткөрдү. Бул жагынан президент туура эле кылды. Каражатты көп коротуп, салтанат өткөрүү жагынан эмес, эл аралык деңгээлдеги иштерди алдыга жылдырууну колго алышы керек. Ошондо гана биздин мамлекет башчы башкалар менен тең ата сүйлөшө алат.

Маселен, Монголиянын президенти жөн эле күрөшкө барып жүргөн балбан болчу. Ал президент болуп келгени Монголияда бир топ өнүгүү, өсүү болду. Монголия салыштырмалуу бизден артта калган өлкө болчу. Садыр Жапаров да Кыргызстанды өнүктүрсө гана эл аралык мамлекеттер теңине алышат. Тең ата сүйлөшүүгө шарт түзүлөт. Ошон үчүн берген убадаларын аткарат, элдин ишенимин өчүрбөйт деп ниет кылалы. 

- Өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун көрсөтүлгөнү туура болдуду? “Президент түндүктөн болдубу, демек премьер түштүктөн болушу керек”- деген критерий басымдуулук кылды го?

- Өкмөт башчыны сөзсүз эле түндүк-түштүк деген критерийде тандоонун кажети жок. Анткени, Президент кайсыл облус болбосун баарына улуу, кичүү баласы сыяктуу мамиле кылат. Ошондуктан, өкмөт башчылыкка талапкерлерди жерлигине эмес, иш билгилигине, экономиканы түшүнгөнүнө карап тандасак жакшы болмок. Анткени, өкмөттүн негизги жумушу бюджетти толтуруш жана туура пайдалануу. Бюджеттин негизги бөлүгү салык менен бажыдан топтолот. Ошон үчүн экономиканы түшүнгөн адисти премьер-министр кылсак мамлекет үчүн да, эл үчүн да пайдалуу болмок. Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Новиков жаш болсо да иштеп, салык тармагын түшүнүүгө аракет кылып, контролдук кассалык аппараттарга көз каранды болбой, каражатты башка жактан да издейли деген орундуу сунуштарын айтты. Ошондой эле, бажыканаларды да кыдырып, онлайн режиминде иштебей жаткан компьютерлерге чейин кийлигишип, калпыстыктарга жол бербөөнүн аракетин жасай баштады. Жаңы дайындалган премьер-министр да экономиканы түшүнгөн, бюджетти толтуруунун жолун билген Новиковдой ишине тың, баарын көзөмөлдөй алган, жоктон бар кылган адис болушу керек эле...

- Өкмөт мүчөлөрүн да өзгөчө тартип менен тандашыбыз керекпи?

- Албетте, жогору жактагылар өкмөт мүчөлөрүн да өзгөчө талап менен тандаса, элдин ишенимин актаган болушат эле. Менин түшүнүгүмдө жаңы өкмөттүн курамында жаман атты болгон, соттолгон, ичип, жеп кеткен эл жээриген адамдар болбошу керек. Менин эсимде азыр иштеп жаткан министрдин орун басары учурунда үстүнөн толтура арыздар түшүп, комиссия түзүп атып, кызматтан кеткен. 5-6 жыл өтпөй дагы эле министрдин орун басарлыгы кызматын аркалап отурат.

Жаңы бийлик ошондой репутациясы бузулган кишилерден оолак болсо жакшы болмок. Ошондой кишилер кызматка тартылган сайын жаңы бийликтин аброю түшөт. Ошон үчүн министрлик кызматтарга жашына карабай таза, адискөй, дээринде бар, такшалган адамдарды тартыш керек. Буга чейин өзүңөр деле билесиңер, кесиби боюнча курулушчу - бирок айыл чарба министри болуп иштеп жаткан адамдар болду. Мына ошондой нерсенин кесепети да тийип, мамлекетибиз кыйын абалга кептелди. Билими, адистиги да туура келбеген кишилерди дайындап коюп, элди иренжитип, мамлекетти артка тартышты. Бу сапар тууганчылыктан алыс болуп, кайсыл кызмат болбосун чыныгы адистерге басым кылсак, баары калыс болот. Керек болсо министрликтин өзү дагы иштин чоо-жайын түшүнгөн чыныгы адис келди деп, өзгөчө кубанышмак.

- Жаңы бийликтин колунан бийликти ичип-жегендерден тазалоо келеби?

- Люстрацияны өзүнчө мыйзам сыяктуу кабыл алып, ишке ашырса болот. Люстрацияны ишке ашыруу азыркы бийликтин деле колунан келет. Бирок “бир бармагын тиштесе, бир бармагым зыркырайт” болуп, бул жерде туура эмес мамиле болуп калса, ак жеринен күйүп кеткендер да болот. Даана люстрацияга кабыла тургандар көмүскөдө калып, ак жеринен күйүп кеткендер болушу мүмкүн. Люстрацияны да күнөөсүн далилдеп, анан ишке кесепети оор болот.

- Элдин толкундоосу менен бийликке келген министрлердин баары бу сапар кыскарууга туш болушту. Бул нерсе элдин нааразычылыгын күчөтпөйбү?

- Элдик толкундоо менен кызматка олтургандардын көпчүлүгү убактылуу кызматка келгенин башында билген да. Алардын артында колдогон эли деле, күчтөр деле жок болчу. Бирок алар  саясий партиялардын өкүлдөрү болгондуктан, пайдаланыш керек эле. Анткени, ал мезгилдин талабы ошондой болчу.

Айкөкүл Мырзабекова, Булак: “Майдан. kg” гезити