“Экономикалык өсүш улуттук маданияттын өнүгүшү, элибиздин рухий эргүүсү менен эриш-аркак жүрүшү абзел”, - деди бүгүн, 28-январда болуп жаткан инаугурацияда Садыр Жапаров.
“Элибиз – таланттуу эл. Түгөлбай Сыдыкбеков менен Чынгыз Айтматов, Төлөмүш Океев менен Болот Шамшиев, Болот Миңжылкыев менен Кайыргүл Сартбаева, Сүймөнкул Чокморов менен Тургунбай Садыков сындуу генийлерди тартуулаган элдин уучу куру эмес, жаңы муундун өкүлдөрү аты аталган залкарлар жана алардын замандаштары жараткан бийиктикти, алар жараткан рухий-маданий дөөлөттөрдү, образдуу айтканда “маданий кайра жаралуунун” салтанатын кайталай алат деп ишенемин.
Маданий кайра жаралуунун жаңы толкунун көрсөм жыйырма биринчи кылымдын кыргызы катары арманым болбос эле! Себеби, улуттук маданиятты өнүктүрүү, ал жөнүндө кам көрүү – улутту сактоого, мамлекетибиздин келечеги жөнүндө кам көрүүгө барабар!
Андыктан, негизги максаттарымдын бири - маданият тармагын мамлекеттин камкордугуна бөлөө саясатын жүргүзүү.
Өлкөбүздүн экономикалык өсүшү, маданий кайра жаралуусу стабилдүүлүк, алыскы жана жакынкы коңшуларыбыз менен ынтымакта болгон жагдайда гана ырааттуу түрдө ишке аша алат.
Кыргызстандагы саясий окуяларга кылдат байкоо салып, олку-солку кылган окуяларга чын дилден кабатырлануусун билдирген, оор учурда бир туугандык колун сунган өлкөлөргө, ириде Орусияга, терең ыраазычылык билдиребиз.
Пандемия апаатынан өздөрү жабыр тартып турушса да кыргыз калкына ак дилден көмөк көрсөтүүгө ашыккан коңшуларыбыз Өзбекстан менен Казакстандын аракетин айтпай коюуга болбойт. Бул өлкөлөр менен тамырыбыз менен тарыхыбыз да жалпы, тагдырыбыз да жалпы. Демек, стратегиялык өнөктөш бул өлкөлөр менен ар тараптуу мамилени чыңдоо, экономикалык жана маданий байланыштарды улантуу – тышкы саясатыбыздын приоритети.
Бул саптагы мамлекеттердин катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрүн жана Түркияны кошо кетүүнү туура көрөм.
Дүйнөлүк саясатта жана экономикада ойногон ролу күн санап өсүп жаткан улуу коңшубуз Кытай Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына эң жагымдуу таасирин тийгизүүнү улантат деп ишенебиз.
Көп кылымдык коңшулук алаканы өз ара пайдалуу кызыкчылык үчүн колдонууга умтулуп, ал тажрыйбаны улам арттырып, жылдан-жылга байытып жүрүп отурушубуз керек. Биздин тышкы саясатыбыз көп векторлуу багытынан тайбайт. Эгемен Кыргызстан Америка, Европанын жана Азиянын мамлекеттери менен өз ара урматтоонун негизинде кеңири кызматташууга умтулат.
Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму, Евразиялык Экономикалык Союз, Түрк мамлекеттер Кеңеши жана башка эл аралык уюмдарда эл аралык милдеттенмелерин татыктуу улантат деп ишендирем”, - деди Садыр Жапаров.