Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда болуп жаткан инаугурацияда сөз сүйлөп жатып бардык саясий күчтөрдү тилектеш, максатташ болууга чакырды.
“Ырыс алды – ынтымак” дейт элибизде. Ынтымакка коомдогу консенсус аркылуу гана алдыга илгерилей алабыз.
Мен ушул учурдан пайдаланып, өлкөбүздөгү бардык саясий күчтөрдү, санаалаштарымды жана оппоненттеримди, улуттук азчылыктарды жана диний конфессияларды, коомдун бардык катмарын ушул улуу мүдөөнү аркалоо жолунда тилектеш, максатташ болууга чакырамын!
Элимдин ар бир патриот, мекенчил уул-кызы кыялдангандай эле, мен дагы Кыргызстандын экономикалык жактан ыкчам өнүккөн, адам укугу урматталган, мыйзам үстөмдүгүнө умтулган, жаштары келечекке оптимизм менен караган, эркин жана кубаттуу өлкөгө айланышын кыялданамын.
Бул аруу тилекти жүзөгө ашыруу боюнча пландарым президенттик программамда айтылды, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жалпы журтка жарыялап, негизги жоболорун тааныштырдым.
Анын өзөккү идеясын кайталай кетейин: менин президенттик кылган жылдарым – экономиканы калыбына келтирүүнүн жана ыкчам өнүктүрүүнүн, ишкердүүлүктү, экономикалык жаратмандыкты туш-тараптан колдоонун, элибиздин жашоо стандартынын кескин жогорулашынын жылдары болуп калууга тийиш.
Ал үчүн коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюлуп, калың журттун коомдогу акыйкаттуулукка болгон ишеними калыбына келтирилиши шарт, эрки күчтүүлөр менен шыктууларга экономикалык эркиндик берилип, социалдык жактан алсыздардын катмары коргоого алынып, жаратмандык потенциалы ачылууга, чет элдик инвесторлорго колдоо көрсөтүлүп, Кыргызстанга болгон ишенимдин жана урматтоонун рейтинги артууга тийиш!” – деди Садыр Жапаров.