“Элибиздин улуу максаттарга умтулуусу, үзүлбөгөн үмүт, татыктуу жашоо тууралуу кыялы баарыбызды тооруган пандемия коркунучунан да күчтүүлүк кылды”, - деди Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда болуп жаткан инаугурацияда.  

“Мөөнөтүнөн мурдагы бул жолку президенттик шайлоо өзгөчө жагдайда өткөндүгүн, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришип жатканымдагы ант берүү каадасы да өзгөчө кырдаалда өткөрүлүп жаткандыгын белгилегим келет. Бул жөн жерден эмес.

Бизди, жалпыбызды өлкөбүздөгү соңку жагдай, саясий процесстер ушуга кептеди.

Бу сапар элибиздин улуу максаттарга умтулуусу, үзүлбөгөн үмүт, татыктуу жашоо тууралуу кыялы баарыбызды тооруган пандемия коркунучунан да күчтүүлүк кылды. 

Натыйжада, калың эл түрө көтөрүлүп, парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга, мурдагы президенттин жана өкмөттүн бийликтен кетишине алып келди.

Өлкөбүз баш аламандыктын жана мыйзамсыздыктын чеңгээлинде калаарда, улуттук ынтымакты сактоо үчүн, 5-октябрь күнү элибиз аттанып, жапа тырмак талап кылган кыял-тилектин урматы үчүн чогуу-чаран жоопкерчиликти тайманбай өз мойнубузга алып, абалды турукташтыра алдык. 

Анын ичинде мен дагы жан таттуу экен деп отуруп алган жокмун. Ооба, биз отуз жылдан бери кыялданып келдик.  Курулай убадаларга ишенип, жетеленип келдик.

Биз кыска мөөнөттүн ичинде “Азиянын Швейцариясына” айланууну кыялдандык эле.  Биз ар бир алты жыл сайын бийликтин тынч жол менен алмаштырылып турушун, ар бир алты жыл сайын өлкөбүздүн турмушундагы ири жетишкендиктерди чогуу-чаран майрамдап, жарандарыбыздын жашоо стандарттарынын жогорулашына, ар бир үй-бүлөнүн  жакшылыгына тең орток болуп, маңдайыбыз жарыла кубанып турабыз деп кыялдандык элек.

Биз парламентаризм идеяларын да теңирден тескери түшүнүп, жалпы саясий аң-сезимди, саясий маданиятты калыптандыруу мүдөөлөрүн кадыресе бизнес долбооруна айландырып алдык.  Депутаттык орундардын акчага бааланышы жалпы саясий маданияттын деградацияланышына алып келди, мамлекеттүүлүгүбүздүн келечегине коркунуч туудурган көрүнүшкө айланды.

Ал ортодо, коомдогу социалдык жиктелүү күндөн-күнгө, жылдан-жылга курчуп отурду.  Тилекке каршы, соңку отуз жылдын ичинде коомубуздагы бир ууч топ гана байыгандын үстүндө болду. Менчиктештирүүнүн жүрүшүндөгү калпыстыктар, экономикалык жаңылыш саясат адилет, байгер коомду куруу жөнүндөгү кыялдарыбызга, улуттук кызыкчылыктарыбызга кедергисин тийгизди.

Натыйжада, калың журттун чыдамы түгөндү.  Ал арада миңдеген мекендештеримдин “мигрант” атыгып, жакырчылыктын сазынан чыга албай, элимдин туш-тарапка чачылып кеткени, ушул көрүнүш тыйылбай уланып жатканы кабыргамды кайыштырат  жана жанымды кашайтат! Чыдамдуулуктун да чеги бар.     

Андыктан, 5-октябрь күнү калың журттун парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабынын бийликти биротоло кетирүү талабына өсүп жетиши мыйзам ченемдүү көрүнүш болду.

Бул жолу калың элдин жеңиши уурдалбайт, калайык калктын аруу мүдөөсү узурпация болбойт!” – деди Садыр Жапаров.