«Улуу жана узак тарыхы бар элдин келечеги да кең болууга тийиш”, - деди Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда болуп жаткан инаугурацияда.
“Алдыңарда туруп ант берип жаткан ушул салтанаттуу ирмемдерде – эки миң жылдан ашуун тарыхы, ар түрдүү окуяларга бай, күнү тууган замандарда Азияны дүңгүрөтүп улуу дөөлөт курган, жаза тайып алдырган замандарда далай азап-тозокту да баштан кечирген байыркы элимдин бүгүнкү тагдыры жана келечеги үчүн өтө жогорку жоопкерчилик мойнума тагылганын эң жакшы түшүнүп, бир эсе толкунданып турамын. Бул жоопкерчилик жөнөкөй жоопкерчилик эмес.
Байыркы мезгилдеги Барсбек-каган жана анын үзөңгүлөштөрү, берегиде Мухаммед Кыргыз жана анын мүдөөлөштөрү, кечээгиде Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана алардын санаалаштары өз кезинде кыргыз элинин келечеги тууралуу кандай санаа чегип, түмөн ирет түйшөлүп, кандай жоопкерчиликти аркалашса, дал ошондой озуйпаны көтөрүү жана өтөөсүнө чыгуунун милдети биздин алдыбызда турат.
Бул жоопкерчиликти өзүмдүн санаалаштарым жана замандаштарым менен чогуу тартууга белсенүү, Ата-Журт алдындагы андай ыйык миссияны жетектөө мен үчүн өлчөөсүз сыймык!
Элибиздин басып өткөн жолу чыйралуунун, дем күтүүнүн орошон булагы болуп, тарыхтын улам бир жаңы барагын өздөштүрүүсүндө элимдин жигер-кайратын арттырып гана жүрүп отурган.
Андыктан улуу жана узак тарыхы бар элдин келечеги да кең болууга тийиш!” – деди Садыр Жапаров.