-Турсунбек мырза, жакында Азимбек Бекназаров премьер-министрлик кызматка Камчыбек Ташиев  келсе туура болот деген ойду айтыптыр.  Сиз мындай сунушка кандай карайсыз?

-Негизи,  Азимбек Бекназаровдун билдирүүлөрү коомчулукта жана бийликтегилердин арасында талкуу жаратып, түрдүү пикирлердин айтылышына себеп болууда. Чынында,  мамлекеттик кызматта иштеген адамдар мамлекеттик кызматтын мыйзамын, этикетин сыйлап, субординацияны сактап, мындай пикирлерди айтуудан сактанышы керек. Анткени, элчилик кызмат жөн эле кызмат эмес. Даражалуу, мамлекеттер аралык саясат менен алек болгон жогорку кызматтардын бири. Ошондуктан, элчилер түрдүү кайрылуу, билдирүүлөрдү жасоодо сак болушу керек. Бирок  Азимбек Анаркулович акыркы мезгилде эсепсиз кайрылууларды жазып, билдирүүлөрдү жасады.  Бул жагынан ал чоң катачылык кетирип, мамлекеттик кызматтын этикетин сактабай, мамлекеттик кызматтын кадырына доо кетирип  жатат. Ошон үчүн ал коомдук ишмерлердин, мурдагы элчилердин, мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамды билген инсандардын сынына кабылып жатат. Маселен, Кыргызстанда 80ден ашык элчи бар. Алар мамлекеттик кызматты сыйлаганы үчүн бири да тигил же бул маселе боюнча ооз ачышпайт. Азимбек Анаркулович болсо, эмнени кааласа ошону айтат. Ошондуктан, ал Малайзияда  дипломатиялык иштер менен эмес, Кыргызстандын саясаты менен алек болуп жаткандай түр көрсөтүп жатат. Чынында, элчилик кызмат даражалуу мамлекеттер аралык мамилени жөнгө салган, мамлекеттин эсебинен айлык алган чоң кызмат. Ошон үчүн ошол кызматка жараша иш кылышы керек. Болбосо ал кызматты тапшырып келип, оппозиция болуп же Кыргызстанга келип өз пикирин ачык айтып, баштагы позициясындай иштер менен алек болушу шарт. Болбосо  чектен чыкпашы керек.

-Суроодон алыстап кеттиңиз го?

-Туура негизги маселени айтып коёюн деп суроодон алыстап кеттим. Мен бул маселени Азимбек Анаркуловичке кара санаганым үчүн эмес, ага күйгөнүм үчүн айтып жатам. Чынында,  анын да мактоого татыган иштери толтура. Азимбек Анаркулович Кыргызстандагы патриот адамдардын бири. Көптөгөн мамлекеттик кызматтарда иштеген,  башкы прокурор болгон инсан. Аксылыктардын сүймөнчүлүгү болуп, убагында депутат болуп шайланып, Үзөнгү-Кууш үчүн күрөшкөн, башын канжыгага байлаган кишилердин бири. Эки революцияда бульдозерлук миссияны аткарды. Кыскасы, анын Кыргызстанга жасаган эмгеги чоң. Кыргызстандагы башкаруу  формасын аныктоо  боюнча өткөн референдумда дагы жакшы сунуштарды  берди. Садыр Нуркожоевич уюштуруучу комитетинин эмес, биздин сунушту колдоду. Кыскасы, чоң иш жасады. Болгону, белгилүү коомдук ишмерлердин, элчилердин сынына кабылып жатат. Ошол катачылыгын бир тууган, санаалаш, үзөңгүлөш адам катары мамлекеттик кызматтын ички маданиятына туура келбеген кадамдарын айтып коёюн дедим.

Менимче,  Камчыбек Кыдыршаевичтин  премьер-министр болушу зарыл эмес. Ал УКМКда  өз ордун тапты. Тагыраагы, Камчыбек Ташиевдин УКМКда иштеп турганы  элге, мамлекетке  көбүрөөк пайдалуу болуп жатат. Мүмкүн премьер-министр болсо да жакшы иштейттир. Бирок  анын азыр мамлекетке да, элге да УКМКны жетектеп турганы  жакшы. Анын мамлекеттин эсебинен ичип-жегендерди камап, кустурганы  жана мамлекетибиздеги  караларды жок кылам деген аракети  колдоого алынып, мактоого татып  жатат. Ошондой эле,  Камчыбек Кыдыршаевичтин  чек ара маселесин чечүү боюнча жасаган аракеттери да колдоого татырлык. Ал “эки чылбыр бир тизгинди” колго алып, УКМКнын ишин да илгерилетип,  ошол эле мезгилде чек ара маселесин да чечип, чоң иш кылууда. Ошон үчүн азыр аны ал кызматтан кыймылдатыштын кереги жок деп ойлойм. Аны премьер-министр бол деп көкүтүштүн кажети да жок.

Маектешкен Э.Бекбаев, Булак: "Майдан. kg" гезити