-Жаңы өкмөт дайындалат дегенден бери не бир укмуш фамилиялар айтылып жатат. Негизи жаңы өкмөт мүчөлөрүн  кандай критерийде тандасак туура болот?

-Жаңы Өкмөт 6 ай гана иштейт. Анткени, парламенттик шайлоо май айларында болушу мүмкүн. Жаңы Баш мыйзам кабыл алынса, анын ыйгарым укуктары, милдеттери чектелет. Референдумдан кийин парламенттик шайлоо болсо Өкмөт кетет. Жаңы Баш мыйзамдын редакциясында Премьер-министр эмес, министрлер кабинетинин төрагасы  деп аталат деген сөздөр айтылууда. Бирок  5-6 ай болсо да татыктуу тажрыйбалуу адамдар келиши керек.

-Жаңы Өкмөттү кимдер түзөт? Баштагыдай эле көпчүлүк коалицияга кирген фракциялар түзүшөбү же жаңы президент сунуш кылабы?

-Азыр жаңы өкмөттүн курамын түзүү парламенттеги башкаруучу колицияга жана ага кирген фракцияларга көз каранды болот. Бизге жагабы, жокпу эл чече албайт. Баш мыйзамга ылайык Өкмөттүн курамын түзүү жана бекитүү укугу парламенттин ыйгарым укугуна кирет.

Жаңы келе турган Өкмөт деле алгылыктуу иш жүргүзүп кетиши оор болот. Бул жылы  да экономикалык, саясий, кадрдык кризис, жакырчылык, жумушсуздук, каржылык тартыштык, кымбатчылык, эпидемиологиялык кырдаал, Конституциялык референдум, Парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо, сырткы карыздарды кайтаруу, Жаңы Конституция кабыл алынса, ага карама каршы келген ондогон конституциялык мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылардын  кагышуусу  пайда болот. Жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү иштери жүрөт. Кыскасы, 2021 –жыл ушундай иштер менен өтүп кетет.

Булак: “Майдан. kg” гезити