-Жаңы шайланган президент Садыр Жапаров стереотиптерди жана шаблондорду өзгөртө баштады. Каражатты үнөмдөйбүз деген аракетибиз сырттан караган кишиге мажирөө, бечара мамлекет көрсөтүп койбойбу?
-Өзү инаугурацияны аз эле каражат менен уюштуруп өткөрүп коюу - бул карапайым элге берген убадаларынын бири эле болчу. Эл менен жолугушууда жупуну эле жашоого өтүү жөнүндө сөз кылуу керек экендигин баса белгилеп келди го. Эми ошону так аткарып жатат. Бул кадамы туура!
-Бирок ыкка көнүп, шартка макул болгон сайын эрте тургандын баары эле акыл айта баштады го. Маселен, Клара Сооронкулова “онлайн ант берсин” десе, Кайрат Осмоналиев инаугурацияны Ата-Бейитте өткөрүүнү сунуштаган кат жазды. Бул сунуштар боюнча кандай пикирдесиз?
-Азыр акыл айткандар көбөйөт. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш! Клара айымдын онлайн өткөрүү деген сунушу, чынында азыркы эпидемиялык абал менен байланыштуу. Сунушунда негиз бар. Бирок элдин ичинде, тартипти катуу сактоо менен өткөрүү эле максатка туура келет го? “Ата-Бейитте” өткөрүү туура болбой калат. Анткени, көзү өткөн, шейит кеткен аталардын элесин урматтап ала турган өзүнчө мамлекеттик иш-чаралар бар эмеспи.
-Эмнеге ишке кирише элек президентти Аркадий Дубнов кызматтан кетет деген прогноздорун айта баштады?
- Аркадий Дубнов өзү эс тарткандан бери эле Борбордук Азиянын саясатын сүрөттөп жазуу менен оокатын өткөрүп келе жаткан "азамат". Кийинки учурларда чарчап калгандай сезилет. Жаш кезинде курч жана акыйкат жазчу. Балким кээ бир саясий оюнчулардын жетегине түшүп алган чыгаар, жарыктык!
-Бороновдун суракка чакырылып, Сегизбаев менен Мелис Аспековдун камакка алынышы эмнеден кабар берет?
-Президенттикке шайланган Садыр Нургожоевич Жапаров ар дайым элге ачык айтып келди го: "Мен коррупция менен аёосуз күрөшөм. Эч кимге жеңилдик бербейм!" - деп. Ошол сөзүнө туруп азыр күч структураларын катуу ишке салды. Алар натыйжа берип жатышат. Боронов менен Аспеков, Сегизбаевдер жана башка айыпталуучулар ошол адилет саясаттын эле "фигуранттары". Мындан ары катуу темп менен уланат. Уурулардын баарын ырайымсыз жазалай турган мезгил келди. Азап чеккен элдин убалына калышкан уурулар жана мыйзамсыз иш кылгандар эми чыныгы жазаларын алышат.
Булак: “Майдан. kg” гезити