Кыргызстанда руханий жана тарыхый баалуулугу бар жер - "Ата Бейит" мемориалдык комплекси. Президенттин инаугурациясын ушул ыйык жерде өткөрүү керек.
Мындай сунушун БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев жолдоду.
"Инаугурация күнү бул ыйык жерге баруу чоң саясий жана символикалык мааниге ээ болмок. Бул сунуш коомчулук тарабынан оң кабыл алынаарына ишенем", - деген ал.