Вице-премьер-министрдин м.а. Равшан Сабиров бүгүн, 25-январда парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Садыр Жапаровдун президент катары биринчи иш сапары кайсы өлкөгө багытталаарын ачыктады.
Айтымында, жаңы президенттин расмий иш сапары Россияга багытталат жана анда жаратылыш газынын баасын арзандатуу маселеси көтөрүлөт.