Инаугурация. Кыргызча кыска которсок "Мамлекеттик чоң кызматка шайланып келген адамдын иш баштоо салтанатын өткөрүү процесси"- деген маанини берет. Эми ушунун ичинен "САЛТАНАТ"- дегенге токтололу. Бүгүнкү өлкөдөгү абал кайсыл жагынан караба САЛТАНАТ куруп сайрандоочу учур эмес. Коомдогу чайпалуу бир гана үмүткө "Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен мамлекеттик башкаруу туура жолго түшүп оңолоор бекенбиз"- дегенге байланып араң кармалып турат. Ал түгүл "Инаугурацияда С.Жапаров эмнени сүйлөр экен? Ишке киришкенде эмнеден баштайт"- деп чыдамы кеткендер коомдун басымдуу бөлүгүн түзөт. Отуз жылдан ашык саясатка аралашып келатып жалпы элдин бир адамдан мынчалык үмүт артканын көргөн эмесмин. Бирок баарыбыз бир нерсени эстен чыгарбашыбыз керек. Садыр Жапаров сыйкырчы эмес,  28-январда  ант берип, 29- январдан баштап баары гүлдөп кетпейт. Иштин жыйынтыгы бери дегенде 1.5-2 жылда барып билине баштайт. Туура,  алгачкы башталышында кадрлык жүрүштөр, айрым чукул иштер менен бурулуш башталганын билсек болот. Бул жыл оор жыл. Астыда жергиликтүү жана Жогорку Кеңешке шайлоолор турат. Эң чуулгандуу шайлоо - бул Жогорку Кеңешке шайлоонун өтүшү. Үч жолку мамлекеттик төңкөрүш тең ушул ЖК шайлоонун кесепетинен болду. Демек,  коомдук бөлүнүп жарылууларга алып келүүчү тынч эмес жашоо али алдыда. Оор иштер али алдыда. Ошондуктан өтө турган инаугурация канчалык денгээлде жөнөкөй жана ийкемдүү,  ашыкча чыгымсыз, ашыкча шаан-шөкөтсүз өтсө ошончо жакшы болмок. Жараткан Кудай колдоп мамлекетибиз өнүгүүнүн туура жолуна түшүп экономикабыз көтөрүлүп, тынч заман келсе шаан-шөкөт менен инаугурация өткөзүүчү учур да келээр.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу