Садыр Жапаровдун инаугурациясынын өзгөчөлүгү ага 70 пайыз карапайым адамдар чакырганы болду. Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев мындай пикирин VB.KG маалымат агенттигине билдирген. 

"Мурдагы президенттердин инаугурациясында негизинен өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, олигархтар ж.б. отурушкан. Карапайым эл дарбаза сыртында калышкан. Жапаров карапайым элге басым жасап, бир гана алардын кызыкчылыгындагы нерсени айтып жатат. Баары туура, ал жалпы эл тарабынан тандалган элдик президент. Ошондуктан статусуна жараша болушу шарт. Ал эл менен чогуу болот, инаугурациясы буга күбө", - деген саясат талдоочу.