Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжаларын 2021-жылдын 20-январында расмий жарыялагандыгына жана С.Н. Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарын токтоткондугу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2-бөлүгүнө, 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

- С.Н. Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарын токтоткондугу жөнүндө арызы кабыл алынсын жана ал ээлеген кызматынан бошотулсун;

-  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштеп жаткан курамы кызматынан кетти деп эсептелсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин милдеттерин аткарат деп белгиленсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Э. Новиковго жүктөлсүн.