×

Внимание

Не удалось вызвать функцию mail.

Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги президент Байден кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк (Diversity Visa) визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койгонун кубануу менен билдирет.

"Биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саякаттарга байланыштуу коопсуздукту бир кыйла жакшыртканын колдойбуз. Биометрикалык идентификация чиптерин камтыган кыргызстандык электрондук паспорттор иштелип чыгып, даярдыктын акыркы баскычында турат. Бул паспорттор кыргызстандыктар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу саякаттоонун кепилдиги болмокчу. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү INTERPOL менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана терроризм тууралуу маалымат менен бөлүшүүнү ыкчамдатты.

Жаңы кыргыз электрондук паспорттору жана укук коргоо органдарынын тыгыз кызматташтыгы, Кыргыз Республикасында да жана ошондой эле дүйнө жүзүндө да, бардыгыбыздын жашообузду көбүрөөк коопсуз кылмакчы.

COVID-19 пандемиясынын шартында, дүйнө жүзүндөгү Америка Кошмо Штаттарынын элчиликтеринде виза берүү өтө чектелген. Бул кулактандырууга байланыштуу виза маселелери боюнча акыркы жаңылыктарды алуу үчүн kg.usembassy.gov веб-сайтыбызга кайрылыңыздар.

Америка Кошмо Штаттары кыргыз элинин коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана гүлдөп-өнүгүшүн жогорулатуу үчүн эки тараптуу мамилелерин бекемдөөгө умтулат", - деп айтылат элчилик тараткан маалыматта.

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить