Жаңы шайланган президенттин инаугурациясын 28-январда өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда АКИpress агенттигине өздүк булактары билдирди.

Президенттин ант берүү аземинин так күнү президенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий түрдө жарыялангандан кийин айтылат.

БШКнын маалыматына караганда, Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышкан жарандардын дээрлик 80 пайыз добушуна ээ болду.

Булак: Баракелде