Шайлоо мыйзамсыз деп ар кайсы эшикти какылап эт -бетинен кетип жаткан "Азаттык" менен "Клооп" сайты эмнени көздөп жатканын баарына эле маалым. Анткени бул массалык маалымат каражаттарында кыргыздын эле кыз-жигиттери иштегени менен батыштын акчасына кызыгып улуттун кызыкчылыгынан акчаны жогору коюп, бузукулук иштердин ичегисин чууруп чыгышууда. Эптеп шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу менен алек.  Кыргызстанда биринчи жолу акча таратылбастан, форма эки жана башка нерселер колдонбостон таза шайлоо өттү. Эл өзү тандоосун жасады. Ал эми бир ууч бузукулар ошол миллиондогон элдин тандоосун жокко чыгарууга аракет кылышууда. Эл аларга оюнчук эмес, керек болсо алардын өздөрүн түп тамыры менен жокко чыгарууга кудурети жетет. Ошондуктан ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө деген сөз бар.