Камчыбек Ташиев Өмүрбек Бабановдун айткандарына жооп кайтарды.
"Бабанов калп айтпасын жана коомчулукту адашууга түртпөсүн. Биз аны менен 2020-жылдын 9-октябрындагы башаламандыктан кийин жолугушкан эмеспиз. Анын алдында митингди биз уюштурбадык деп актанган да жокпуз. Казакбаев Р.А. бизге калп айтууга жол бербейт. Дагы бир жолу Бабанов калп айтып жатканын тастыктайм. Ал Атамбаев жана башкалар менен аянтка бийликти элден тартып алуу максатында келген.
Биз 9-октябрдагы митингде провокатор болгондордун баарын иликтейбиз жана жазалайбыз", - деди Камчыбек Ташиев.