-Камила Абдразаковна, Садыр Жапаровдун көп добуш алышы таза жеңиш   болдубу?

- Мурдагы шайлоолордон айырмаланып таза шайлоо болду. Акчага добуш сатып алуу фактысы дээрлик жокко эсе болду го деп турам. Айрым  президенттикке талапкерлер шайлоону тааныбашын айтып чыгып жатышат, ал алардын пикири. Бул арада эл аралык байкоочулар, кошуна мамлекеттер шайлоону таанып, бүгүнкү күнү жаңы шайланган президент Садыр Жапаровго куттуктоолор келип жатат. Эл өз тандоосун жасады, Садыр Жапаров эң жогорку добуш алуу менен таза жеңишке жетишти.

-Неге таза шайлоодон дагы кынтык издегендер чыкты?

-Шайлоонун табияты экен. Бул табигый эле көрүнүш, жеңилген тарап кылдан кыйкым издеп, айрым талапкерлер шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, ич күйдүлүк дейбизби, ар кандай негизсиз кинелерди коюп жатышат. Бул да табигый эле процесс.

- Үгүт учурунда сындап, каралаган талапкерлердин Садыр Жапаровду  куттуктаганга уяты жол бербей жатабы же алар кечирим суроонун жолун издеп жатышабы?

- Бизде дагы деле саясий маданият калыптана элегин кечээ күнү болуп өткөн шайлоодон эле карап көрсөк болот. Үгүт учурунда жалпы талапкерлердин айрымдары өз “программасы” катары эле бир гана талапкерди болуп көрбөгөндөй каралоого өтүп алышты. Бир талапкерди каралайм деп отурушуп, эл астында өздөрүнүн саясий жактан деңгээлдерин айрандай төгүп алышкандай эле болду. Арык аттап, суу кечпеген ушактык деңгээлдеги саясий технологияларды колдонуп көрүштү. Керек болсо, башка мамлекеттин “агенти” деген да “ макамды” ыйгарып салышты. Эң кызыгы, мындай балит технологияга касиети улук кыргыз элибиздин ишенбегени, каралоолорго маани бербей коюшу элдин саясий жактан сабаттуулугунун өскөндүгү деп кабылдасак да болот.

 Жеңилген тараптан айрым талапкерлер Садыр Нургожоевичти куттукташып, шайлоону таанышты. Бул жогорку маданияттуулуктун белгиси, бали гана дейбиз.

-Башка мамлекеттердин  президенттери Садыр Нуркожоевичти куттуктап жатканы президентибизди таанып атканыбы?

-Албетте, элибизге урмат- сый иретинде ыйбаа кылышып, эл аралык дипломатиялык протоколдун негизинде жакынкы кошуналарыбыз болгон Казакстан, Орусия, Түркия  жана башка үлкөн мамлекеттерден куттуктоолор келип жатат. Бул шайлоону жана жаңы президентибизди таанып жатышкандыктарын айгинелеп турат.

Айкөкүл Мырзабекова, Булак: “Майдан. kg” гезити

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить